Бишкектеги дизайн көргөзмөсү: Кийизден жасалган адам органдары жана заманбап калпактар

Бишкектеги алгачкы дизайн фестивалы рекорддук сандагы көрүүчүлөрдү чогултту. Уюштуруучулардын айтымдарында, фестиваль профессионалдуу жана жаңы баштоочу дизайнерлердин ортосунда тажрыйба алмаштырууга багытталган.

Материал Dandy Clark фэшн-блогунун контрибьютери Айгерим Артыкбаева тарабынан даярдалды.

Бишкектеги дизайн фестивалы (Bishkek Design Festival) 19-сентябрдан 21-сентябрга чейин Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде өттү.IMG_0745Фестиваль өз ичине эки блокту камтыды: маалымат берүү жана көргөзмө үчүн. Көргөзмөнүн катышуучулары үчүн беделдүү дизайнерлердин лекцияларына катышуу бекер болду, анткени уюштуруучулар практикалык сабактар менен баюуга мүмкүнчүлүк берүүнү маанилүү деп эсептешкен.IMG_4432Баарынан да көрүүчүлөрдүн көңүлүн колго жасалган Темир адам бурду: дээрлик бардыгы тең кара-балталык таланттын жанында сүрөткө түшүүнү маанилүү катары эсептешти.Iron-man-and-rainbow-manТони Старкка жогору көтөрүлгөн кездемедеги көп түстүү палитрага туташып үстөлдө отурган «кубулма» адам шерик болду. Мында ал экөөсүнүн — жабышчак сыр менен боелгон адам менен колго жасалган темир костюмчан адамдын кимисине жайлуураак болду? деген суроо туулду.IMG_4431Экспозициянын борбордук бөлүгүн «Тumar» арт-тобунун кийизден жасалган буюмдары ээлеген. Жүндөн жасалган натуралдуу көлөмдөгү адам мүчөлөрү көп түрдүү реакцияларды жаратты, бирок ошол эле маалда өзүнө көп адамдардын көңүлүн бура алды.IMG_0778Кимдир бирөө көргөзмөнүн экспонаттарын көрүүдөн сырткары «Turana» брендинин шляпаларын кийип көрүп, күзгүгө каранып өздөрүнө суктануу менен көңүл ачып жатышса, кай бирлери илинип коюлган кийимдердин предметтеринин фонунда сүрөткө түшүп жатышты.IMG_4450design.kg форумунун дайымкы катышуучулары залды анчалык деле кызыкпай кыдырып жүрүштү, бирок акыры аларды графика дизайны тартылган дубал кызыктырды.IMG_0754Көпчүлүгү «DOXA» көркөм тобунун аткаруусундагы экиге бөлүнгөн көзү бар кызды, ошондой эле архитектор Камчыбек Жолдошевдин «Көп чекит…» аталышындагы эмгегин белгилешти, бирок жеке мени broadcast designдин үлгүлөрүн көрсөткөн Apple компьютери коюлган үстөл кызыктырды.IMG_4438Бишкектеги дизайн фестивалы — бул сыяктуу иш-чаралардын алгачкысы. Уюштуруучу Паризат Ибраимованын айтымында, фестиваль жыл сайын өткөрүлөт жана дизайндын Кыргызстанда анча өнүгө элек багыттарындагы эмгектерди көрсөтүүгө басым жасайт.

«Өзгөчө көңүлдү веб- жана видео-дизайндар талап кылат, анткени жергиликтүү өндүрүмдөр өтө эле коммерциялашкан жана аларга концепциялуулук жетишпейт. Андан сырткары мени заманбап 3D инсталляциялар кызыктырууда, Кыргызстанда ушул багыттарды абдан өнүктүргүм келүүдө», — деди ал.

Материалдын толук версиясы жана уюштуруучулардын маектери Dandy Clark блогунда.

Сүрөт: Адиля Дүйшеева