Билим берүү комитети «гейлерге каршы» мыйзам долбоорун карайт

«Салттуу эмес байланыштарды пропагандалоого каршы» мыйзам долбоору 7-октябрда парламенттин билим берүү комитетинде каралат. Мыйзам долбоору ЛГБТ өкүлдөрүн (лесбиян, гей жана трансгендерлерди) басмырлай тургандыгы үчүн укук коргоочулар тарабынан сындарга кабылып келет.

Мыйзам долбоору 7-октябрда парламенттин билим берүү комитетинде каралат — буга чейин документ адам укуктары боюнча комитетте кабыл алынган болчу.

Мыйзам долбоору эгер «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу жакшы пикир калыптандырыла турган болсо ал адамды бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын сунуштоодо.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Курманбек Дыйканбаев Kloop.kgге берген маегинде анын демилгесин авторлош болууну каалаган дагы 26 депутат колдогондугун айтты.

«Бул маселе комитетте талкууланып жатканда ал депутаттар: «Биздин да демилгелегибиз келет», дешти. Алар талкууга кызуу катышышып, демилгечи болуу үчүн кошулуп жатышты. Өтө катуу колдоо болууда. Менин оюмча, бул нормалдуу көрүнүш», — деди депутат.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун бул версиясына «салттуу эмес сексуалдык мамиленин» эмне экендигинин түшүндүрмөсү кошулган жок. Депутат демилгесин дагы деле «салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды» сактоо жана коргоо каалоосу менен түшүндүрүүдө.

«Салттуу мамилелер — бул Кудай эркек менен аялды жаратты, салттуу үй-бүлө, аялы менен күйөөсү, бул салттуу. Табигый үй-бүлө — бул коомдун уясы. Анда биздин каада-салттарыбызды сактоо укугу бар. Ал эми бир жыныстуу үй-бүлө куруу биздин кыргыз коому үчүн өөн нерсе», — деди ал.

Дыйканбаев мыйзам кабыл алынып калса гейлердин укуктары басмырланбай тургандыгын айтууда — аларды мурункудай эле Конституция коргойт.

«Конституция адамдардын салттарын, менталитеттерин эске алуу менен Кыргызстандын жарандарынын укуктарына ачык кепилдик берет. Биздин калыптанып келген каада-салттарыбызды эске алуу менен. […] Табигый жана миңдеген жылдардан бери биздин коомдо калыптанган нерселерди карманабыз», — деди депутат.

«Басмырлоочу» мыйзам долбоор

Парламентарийлер Курманбек Дыйканбаев менен Төрөбай Зулпукаровдун мыйзам долбоору эгер «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу жакшы пикир калыптандырылса ал адамды бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын сунуштайт.

Ошол эле маалда мыйзам долбоорунун тестинин өзүндө «салттуу эмес мамилелер» деген терминдин эмне экендиги түшүндүрүлгөн эмес.

Депутат Дыйканбаев Kloop.kgге берген буга чейинки маектеринин биринде салттуу мамиле деп ал «аял менен эркек баш кошкондон кийин укум-тукумун көбөйтүү үчүн алектенген нерсени» эсептей тургандыгын билдирген.

Мыйзам долбоору Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

Укук коргоо тармагындагылар бул мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап жатышат.

«Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырган.

«Эгер парламенттин чынында эле балдарды коргогусу келсе, анда көптөгөн эл аралык инстанциялар тарабынан начар деп табылган көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долбоорлорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушсун», — деген Кирей Kloop.kgге берген 12-марттагы маегинде ушуга окшош Орусияда кабыл алынган мыйзамдарды мисал келтирип.

Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбиян, гей жана трансгендерлерди (ЛГБТ) зомбулуктардан (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан жасалган) коргошу керек деп эсептейт.

«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл бурулушу керек», — деп билдирген ал.