ЖМКлар: Атамбаевдин сынынан кийин энергетика министри Артыкбаев кызматынан кетти

Осмонбек Артыкбаев президент Алмазбек Атамбаевдин энергетика тармагындагы каатчылык боюнча сын билдирүүсүнөн кийин кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды, деп билдиришүүдө кыргыз жалпыга маалымдоо каражаттары өкмөттөгү расмий булактарына шилтеме жасап.

Артыкбаевдин кызматтан кеткендиги тууралуу биринчилерден болуп 24.kg маалымат агенттиги Энергетика жана өнөр жай министрлигиндеги булактарына шилтеме жасоо менен билдирип, министрдин «жамаат менен коштошкондугун» жазды.

«Ал дарегине айтылган айыптоолордун негиздүү экендигин мойнуна алып, тармакты энергетик башкарышы керектиги тууралуу президенттин билдирүүсү менен макул болду», — деп жазган 24.kg агенттиги.

«Азаттык» радиосу менен мамлекеттик «Кабар» маалымат агенттиги өкмөттүн басма сөз кызматына шилтеме жасоо менен Артыкбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгын, эми президенттин кол коюусу гана калгандыгын билдиришти.

Андан сырткары 24.kg агенттиги энергетика боюнча парламенттик комитеттин башчысы, депутат Кожобек Рыспаевге шилтеме жасоо менен энергетика министринин орун басары Кубанычбек Турдубаев да кызматынан кеткендигин билдирди.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге «азырынча расмий маалыматтын жок экендигин» билдиришти.

Артыкбаев энергетика министри кызматынан президенттин басма сөз кызматы тарабынан Атамбаевдин энергетика тармагындагы кризистүү абалы тууралуу билдирүүсүн жарыялангандан бир нече саат өткөн соң кетти.

Тема боюнча: Жылуулук берүү сезону: Кыргызстан кышка «Таш доорунда» даярданууда

Өлкө башчысы өз билдирүүсүндө өкмөттү «пассивдүү позициясы», «кышка карата даярдык маселелерин терең иштеп чыкпагандыгы» жана «жоопкерчиликти мойунга алуудан корккондугу» үчүн сынга алган.

«Ошол эле учурда кыштан кыйналбай чыгуу үчүн жетишпей жаткан 2 млрд. 400 млн кВт саат электр энергиясын чиновниктердин өнөр жайдын жана калктын эсебинен — алардын электрин өчүрүү аркылуу чечүү тууралуу кадамын терең жаңылыштык деп эсептейм!» — деп жазылган билдирүүдө.

Андан сырткары президент энергетика министри кызматына «энергетика тармагынан өсүп чыккан, тармактын бардык көйгөйлөрү менен маселелерин терең билген профессионалдуу менеджердин керектигин» билдирген.

«Энергетиканы башкаруу тармагында айрым кадрдык чечимдерди кабыл алууга убакыт келип жетти. Осмонбек Артыкбаевди таза, аракетчил жетекчи катары билем, бирок бүгүнкү кырдаалда энергетика жана өнөр жай министринин кызматында энергетика тармагынан өсүп чыккан, тармактын бардык көйгөйлөрү менен маселелерин терең билген профессионалдуу менеджер керек», — деген Атамбаев.

Осмонбек Артыкбаев энергетика министри кызматына 2013-жылдын май айында келген.

Энергетикалык каатчылык

Артыкбаев энергетика министри кызматынан Токтогул ГЭСинин суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам келип чыккан энергетикалык каатчылыктын фонунда кетүүдө.

Станция электр энергиясын сууну сыртка чыгаруу менен иштеп чыгат. Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин айтымында, андагы суунун көлөмү жыл сайын Кыргызтандын жылуулук берүү сезонуна болгон даярдыгын аныктайт. Бийликтин акыркы маалыматы боюнча, учурда Токтогул ГЭСинде суунун нормасынын 75 пайызга чукулу бар.

Тема боюнча: Кризистүү кышта эмне менен жылынуу керек: пенопласт, кебез жана инфракызыл жылыткычтар

Энергетикалык каатчылык өлкөнүн түштүгүндөгү газ каатчылыгынан улам да оорлоп жатат. Кыргызстандын түштүгүндө 60 миң абонент үстүбүздөгү жылдын апрелинен бери көгүлтүр отунсуз жашап келет.

Буга чейин эксперттер 2014-2015-жылкы жылуулук берүү сезонунда Кыргызстанда суткасына 4 саттан 8 саатка чейин электр жарыгын өчүрүүлөр күтүлүп жаткандыгын билдиришкен. Бирок Артыкбаев өчүрүүлөр болбой тургандыгын жана өкмөт бардык тиешелүү чараларды көрүп жаткандыгын айткан.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев августтун ортосунда кыргызстандыктарды көмүр камдап алууга чакырган — анын айтымында, кышында электр энергиясы «ашкере байлыкка» айланат.

Өкмөт өлкөнүн ар бир облусунда көмүр сатуу жайларын уюштуруп, сауна, ресторан, курулуш объектилери жана унаа жуучу жайлардын электр энергиясы менен жылытуу системалары өчүрүлө тургандыгын убадалаган.