Ишкердин үй-бүлөсү депутаттын бир тууганы тараптан кол салуу болгондугун билдирди

Ош облусунун Өзгөн районундагы ишкердин эжеси инисин парламент депутаты Ыргал Кадыралиеванын жергиликтүү прокуратурада иштеген бир тууганы сабап, тоноп кеткенин билдирди.

30-августта ишкер Сактан Келдибаевге бет капчан белгисиз адамдар кол салышып, аны сабап, өз үйүнөн тоноп кетишкен, деп билдирди бүгүн журналисттерге ишкердин бир тууган эжеси Уулкан Келдибаева.

Ал кол салууну парламент депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиев менен байланыштырууда — Келдибаеванын айтымында, буга чейин эл өкүлүнүн бир тууганы анын инисин коркутуп, акча талап кылып, кафель өндүрүү боюнча бизнесинен үлүш талап кылып келген.

«Бир жыл мурун Канжар Сактандан 20 миң АКШ долларын талап кылган. Бирок Сактан анда анчалык акчанын жоктугун айткан. Болгону 2 миң гана доллары бар болгон, аларды Канжар алып алган. Ошондон бери ал салык катары Сактандан дайыма акча алып турган. [...] Кийин Сактан анчалык салыкты төлөп бере албай калгандан кийин алар биздин үйгө кирип келишти», — деди Келдибаева.

Ал Ош облустук прокуратурасына, президентке, парламентке, Башкы прокуратурага жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке арыз жолдогондуктарын, бирок азырынча укук коргоо органдары тарабынан эч кандай чара көрүлө электигин кошумчалады.

Жабырлануучунун тууганы Ильяз Келдибаевдин айтымында, депутаттын бир тууганы шаардык прокуратурада иштээрин жана ишкердин үй-бүлөсү ага «эч нерсе кыла албай тургандыгын» айткан».

«Канжар кетип баратып бир тууган эжеси Ыргал Кадыралиева — Жогорку Кеңештин депутаты экенин, биздин колубуздан эч нерсе келбей тургандыгын, келсе да көп болсо кызматынан кетире тургандыгыбызды, Ош шаардык прокуратурасында иштээрин, бирок баары бир бандит бойдон калып, биз менен эсептеше тургандыгын айтты», — деди ал.

Парламент депутаты Ыргал Кадыралиева бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Ош прокурорунун орун басары Нурлан Конгантиев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде Канжар Кадыралиев учурда ооруканада экенин жана журналисттер менен сүйлөшө албай тургандыгын билдирди.

Уулкан Келдибаева Ош облустук прокуратурасына жолдонгон арыздын көчүрмөсүн президентке, парламентке, Башкы прокуратурага жана УКМКга жөнөтүшкөндүгүн кошумчалады.

«Бирок андан бери 40 күн өттү, эч кандай жооп келген жок. Жакында эле болгон Курман айт майрамынын алдында бизге Башкы прокуратуранын кызматкерлери келишти. Биз баарыбыз түшүнүк кат жаздык, алар кетишти, бирок эч кандай жыйынтык жок. Тиешелүү органдар бул маселени териштиришет деген үмүттөбүз. Андай болбосо БУУга, бардык болгон баскычтарга чейин жетебиз», — деп жыйынтыктады ал.