Видео: Бишкектин милициясы энергокаатчылыкка нааразы болгондорду кууп таратты

«Жаңы муун» саясий кыймылынын мүчөлөрү энергетикалык каатчылыкка каршы Бишкекте өткөрүп жаткан акциясынын жүрүшүндө милиция тарабынан кармалышты.

Ачкачылык жарыялоо формасындагы митинг 15-октябрь күнү Бишкектеги Горький атындагы сейил багында өтүшү керек болчу, бирок милиция активисттер боз үйлөрдү тигип баштаганда эле дароо аларды кармап кетти.

Активисттердин өзүлөрү алардын акциясы энергетикалык каатчылыкка, күйүүчү-майлоочу майлар рыногунун монополизацияланышына жана бензинге болгон баалардын кымбатташына каршы багытталгандыгын айтышууда.

«Биз бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан бузуку саясатка каршы нааразычылыгыбызды билдирүү үчүн бой үйлөрдү тигели дегенбиз. Электр энергиясы канчага кымбаттап кеткенин көрүп жатасыңар. Алар электр энергиясын Казакстандан сатып алып баштагандан кийин аны элге мындан да кымбат сатканы жатышат», — деди кыймылдын башчысы Мавлян Аскарбеков.

Активисттердин айтымдарында, митинг шаар бийлиги менен макулдашылган болчу.

«Митинг Бишкек шаарынын ИИББси менен мэрияда катталган. Биз бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына макул эместигибиз тууралуу өз пикирибизди билдирүүгө укуктуубуз. Биз башка жарандардын эч кандай укуктарын бузбай элебиз», — деди активист Адил Турдукулов кармап кетүү маалында.

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде акция боз үйлөрдү тигүүгө уруксаттын жок болгондугунан улам үзгүлтүккө учуратылгандыгын билдирди.

«Негизинен жеңил курулуштарды орнотууга жергиликтүү бийликтин уруксаты керек, а аларда андай уруксат болгон эмес. Милиция кызматкерлери алардын жанына барып [...] уруксат кагазын сурашты, анан боз үйдү алып, акцияны улантууларын өтүнүшкөн. Бирок жигиттер агрессивдүү деп айтпайм, бирок өз нааразычылыктарын айтуу менен боз үйлөрдү тигүүсүн уланта беришкен», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.

Бул активисттердин биринчи жолу кармалышы эмес.
Бул активисттердин биринчи жолу кармалышы эмес.

Анын айтымында, активисттер боз үйлөрдү алуудан баш тартышкан, буга байланыштуу алар милиция бөлүмүнө жеткирилишкен.

Учурда активисттер Биринчи май райондук милиция бөлүмүндө, анда аларга каршы укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбегендиктери тууралуу административдик протокол түзүлдү, ал Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлөт.

Акциянын катышуучуларынын бири Мелис Аспеков Kloop.kgге берген маегинде милиция кармоо маалында аларды «сабагандыгын» билдирди.

«Бизди өтө одоно кармашты. Унаанын ичинен урушту. [...] Адил Турдукуловдун колу чыгып кетти. Тимур Саралаевдин колу сынды, менин оюмча — анын колу нормалдуу кыймылдабай калды. Бизге медперсонал же дарыгерлерди беришкен жок», — деди Аспеков.

Ал маегинде уруп-согуулардын майда-чүйдөсүн айтып бере алган жок. Андан сырткары Аспеков азырынча алардын эмне себептен кармалгандыктарын айта электиктерин билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлери азыр сурак жүргүзүп, манжа издерин түшүрүп алып жатышат.

Аспеков алар милициянын талабы боюнча боз үйлөрдү чечүүгө даяр болгондуктарын, бирок аларды баары бир кармап баштагандыктарын айтты.

«Биз бой үйдү алууга макул болгонбуз. Мавлян Аскарбеков: «макул, боз үйдү алалы» деп айткан, бирок эмнегедир бизди баары бир кармап кетишти», — деди ал.

Каатчылык фонундагы митинг

Бул «Жаңы муундун» активисттеринин биринчи жолку кармалышы эмес — буга чейин алардын президент Алмазбек Атамбаевге  жана электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулашына каршы өткөргөн акциялары милиция тарабынан таратылган болчу.

Бүгүнкүгө окшогон митингди Нарында да кууп таратышкан, анда жергиликтүү жашоочулар электр энергиясына болгон баалардын көтөрүлүшүнө каршы митингге чыгышкан.

Бийликке болгон нааразычылыктар Токтогул ГЭСинин суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам быйылкы кышта күтүлүп жаткан Кыргызстандагы энергетикалык каатчылыктын фонунда болууда. Эксперт Расул Умбеталиевдин айтымында, Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү өлкөнүн жылуулук берүү сезонуна болгон даярдыгынын башкы көрсөткүчү болот.

Энергетикалык каатчылык Кыргызстандын түштүгүндөгү газ каатчылыгынан улам да күчөп жатат. Ошто 60 миңге чукул абонент үстүбүздөгү жылдын апрелинен бери көгүлтүр отунсуз жашап келишет.

«Жаңы муундун» активисттери бийликке каршы акцияларды маал-маалы менен өткөрүп келет.
«Жаңы муундун» активисттери бийликке каршы акцияларды маал-маалы менен өткөрүп келет.

Буга чейин энергетика тармагы боюнча эксперттер 2014-2015-жылкы жылуулук берүү сезонунда Кыргызстанда электр жарыгынын күнүнө 4 сааттан 8 саатка чейин өчүрүлүүсү күтүлүп жатканын айтышкан. Бирок жакында эле энергетика министри кызматынан кеткен Осмонбек Артыкбаев өчүрүүлөр болбой тургандыгын жана өкмөт ал үчүн бардык тиешелүү чараларды көрүп атканын айткан.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев августтун ортосунда кыргызстандыктарды көмүр камдап алууга чакырган — анын айтымында, кышында электр энергиясы «ашкере байлыкка» айланат.

Өкмөт өлкөнүн ар бир облусунда көмүр сатуу жайларын уюштуруп, сауна, ресторан, курулуш объектилери жана унаа жуучу жайлардын электр энергиясы менен жылытуу системалары өчүрүлө тургандыгын убадалаган.