Видео: Чүй камералык оркестри Вивальдинин чыгармаларын аткарууда

21-октябрда Кыргыз улуттук филармониясында Чүй камералык оркестри менен Орусиянын эл артисти, скрипкачы Владимир Ивановдун концерти болду. Анда алар италиялык скрипкачы Антонио Вивальдинин чыгармаларын аткарышты.

Скрипкачы, Орусиянын эл артисти Владимир Ивановдун жетекчилиги алдындагы Чүй камералык оркестринин концертинде филармониянын чоң залы классикалык музыканын сүйүүчүлөрүн чогултту.

Музыканттар Иоганн Себастьян Бахтын «Ля минор оркестри менен скрипка концерти» жана «Ми мажор оркестри менен скрипка концерти» чыгармаларын, ошондой эле Антонио Вивальдинин «Төрт мезгилин» аткарышты.

 Автор: Кубан Макешов