«Курманжан Датка» тасмасынын режиссеру Садык Шер-Нияз өзүнүн Facebookтагы баракчасына тасманын престиждүү «Оскар» сыйлыгынын алкагында АКШда көрсөтүлүшүнүн алдындагы толкундоолору менен бөлүшкөн.

«Курманжан Датка» тасмасы 4-ноябрда голливуддук «The Egyptian» кинотеатрында көрсөтүлүшү керек — Шер-Нияздын айтымында, кинотасманы актриса Шерон Стоун тааныштырат.

Пикирдин түп нускасы Шер-Нияздын Facebookтагы баракчасына жазылган:

Санта Моника менен дагы бир белгисиз көчөнүн кесилишинде чылым чегип отурам. Бул чылым чеккен адамдарга арналган мейманкананын жанындагы атайын отургуч.

Бүгүн бизге жардам берип жүргөн публицисттер менен жолугушуу болду. Алар түз эле: «Оскар» алуу мүмкүнчүлүгү орто экенин жана маалымат каражаттары менен премьераны уюштурууда дагы иштөө керектигин айтышты.

Жакшы жаңылык бар: Шерон Стоундун өзү The Egyptian кинотеатрындагы премьерада биздин тасманы жеке өзү тааныштырууга макул болду. Алардын баамында, бул журналисттердин көңүлүн бурат.

Видео: «Курманжан Датканын» трейлери

Премьера — кыйын иш, Беверли Хиллздин легендарлуу кинотеатрында көрсөтүү үчүн жакшылап даярдануу керек.

Ижара, чакыруулар, банкет, унааларды токтотуу, шампан, икра меселелерин чечтик, дагы көптөгөн иштерди аткаруу керек…

Ары-бери өтүп жаткан унаалардын ызы-чуусунда уюлдук телефондун чалуусун кандайдыр бир сырдуу үмүт менен угасың.

Жаныбек — Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин кызматкери чалып атат. Ал эмне себептен премьераны уюштурууга жардам берүү үчүн эч кимдин келе албай тургандыгын түшүндүрүүдө. Өлкөнүн атынан барып жаткандыктан биз 15 күн мурун премьераны уюштурууга жардам берүү үчүн бир кызматкер бөлүп берүү өтүнүчү менен кат жөнөткөнбүз.

Көрсө, уруксатты министрдин өзү берет экен, а биздин кагаздар каралып жатыптыр.

Анын мына, чылым чегип отурам. Санта Моника менен дагы бир белгисиз көчөнүн кесилишинде…

Кошумча: Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин эмне себептен уюштуруу иштерине бара албай тургандыктары жөнүндөгү түшүндүрмөсү:

«Чынында эле элчиликтин кызматкерлери Кыргызстандын ТИМинин буйругу жок иш сапарларга чыга алышпайт. Элчилик ошондой эле болушунча тезирээк учуп кетүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен ТИМге кайрылуу жөнөттү. Ал ортодо кызматкерлер аралыкта болгон жардамдарын берип жатышат», — деп билдирди элчилик өзүнүн Facebook эккаунту аркылуу.

«Курманжан Датка» тасмасынын расмий саунтреги

Видео: Көрүүчүлөрдүн «Курманжан Датканын» премьерасына болгон реакциялары

Видео: Садык Шер-Нияз «Курманжан Датка» тасмасына бөлүнгөн каражаттын кандай сарпталгандыгы тууралуу