Жоомарт Оторбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Жол кайгуул кызматынын мурунку башчысы Талантбек Исаев Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгына жетекчи болуп барды, а анын ордун Сергей Дьяченко ээледи.

Сергей Дьяченко буга чейин  Жол кайгуул кызматынын монтаждык-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген.

Премьердин буйругуна ылайык, Исаев башка мекеменин — Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгына  жетекчи болуп барды.

ЖКК башчысынын алмашкандыгы тууралуу алгачкы ушактар 29-октябрда пайда болгон.

«Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы — ИИМдин эң престиждүү эмес бөлүмү. Бирок мен ички иштер министри Мелис Турганбаевден ушул кызматка дайындашын өзүм өтүндүм. ИИМ башчысы премьер-министрдин атына сунуштама жөнөттү. Бирок ага көпкө чейин кол коюшкан жок», — деп жазган 24.kg маалымат агенттиги Исаевдин айткандарын.

Бирок бир нече сааттан кийин ИИМ ички иштер органдарындагы орун алмашуулар тууралуу маалыматты четке каккан.

ЖКК башчысы унаасынын алдынкы айнектери караңгылатылгандыгы үчүн токтотулган «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Кантемир Мурзабеков менен Исаевдин ортосундагы чырлашуудан бир апта өткөн соң алмашты.

Депутаттын өзү болсо унаасынын токтотулгандыгынын себеби «өчөшкөндүк» экенин билдирген. Айтымында, август айында Мурзабековдун унаасын ЖКК кызматкерлери токтотушуп, ал ИИМдин мурунку башчысы Абдылда Суранчиевге кайрылган, өз кезегинде экс-министр Жол кайгуул кызматынын башчысы менен «маектешкен».

Бул Исаевдин мыйзам чыгаруучулар менен болгон биринчи чырлашуусу эмес — 2014-жылдын октябрынын башында ал парламентарийлер мамлекеттик номурларын «достору менен тааныштарына» берип жаткандыктарын айтып, эл өкүлдөрүн айыптаган.

Аны менен катар ал инспекторлор принциптүүрөөк болуп — унаасына кандай мамлекеттик номурдун тагылганына карабастан жол эрежесин бузгандардын бардыгына айып сала тургандыктарын убадалаган.

«Бир нече күн мурун эле документтерин текшерүү үчүн төрт сандан турган KG номурлуу унааны жеке өзүм токтоттум. Көпчүлүк учурларда андай номурлар менен парламент депутаттарынын туугандары же тааныштары жүрүшөт — Жол кайгуул кызматынын инспекторлору аларды текшербейт деп ойлошот. Текшергенде да кандай текшеришет!» — деген Исаев «Комсомольская правда» гезитине берген 2014-жылдын октябрынын башындагы маегинде.