«Супер-Инфо» гезитинин эки кызматкерине карата теле алып баруучу Назира Айтбекованы «тамашалап» уурдагандыктары үчүн шарттуу түрдө эки жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды.

31-октябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Супер-Инфо» гезитинин журналисттери Бахиана Сатылганова менен Максат Орузумбетовду шарттуу түрдө эки жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

Назира Айтбекованын жолдошу Искендер Шаршеев алар соттун чечимине ыраазы экендиктерин жана журналисттердин абакка камалбагандыктарына кубанып жаткандыктарын айтты.

«Бул эки жылдын ичинде биз гезиттин журналисттерин кечирүүгө жетиштик. Биз алардын редакциянын тапшырмасын аткаргандыктарын түшүнүп атабыз, ал тамаша үчүн күнөөнүн баары редакцияда», — деди Шаршеев Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, учурда аларда соттун чечимине карата эч кандай дооматтары жок, бирок журналисттер же редакция чечим боюнча кийинки баскычка аппеляциялык арыз менен кайрылаарын күтүп жатышат.

Kloop.kgнин кабарчысы Бахиана Сатылганова менен байланыша алган жок, а Максат Орузумбетовдун телефону өчүк болууда.

«Тамаша-тор»

КТРКнын алып баруучусу Назира Айтбекова 2012-жылдын октябрында «Супер-Инфо» гезитинин журналисттеринин курмандыгы болгон — анда гезит кызматкерлери алып баруучуну тамашалап уурдоо уюштурушкан.

Алар Айтбекованы тапанча менен коркутушуп, анын телеберүүсүнүн катышуучулары — көзачыктар — депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмүн териштирүүсүн токтотушу керектигин айтышкан.

Теле алып баруучунун айтымында, гезиттин кызматкерлери аны Сапаргүл аттуу Орусияда мекендештеринен кордук көргөн кыздай кылып ич кийимине чейин чечинтип, камерага тартышкан – Сапаргүл чет элдик жаран менен жыныстык катнашта болгондугу үчүн  мекендештери тарабынан кордоого туш болго Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү.

Теле алып баруучу качан ага көзүн ачуусун буюрганда алдында «Супер-Инфо» гезитинин үч кабарчысы турганын көргөндүгүн айткан: «Алар мага кордук көрсөтүп, шылдыңдагандыктарын сүрөткө, видеого тартышкан, анан аягында тамаша экенин айтышты», – деп билдирген Айтбекова.