Кыргызстандын маданият министри Алтынбек Максүтов Сочиде 200 метр бийиктиктен тарзанкадан секирди.

Маданият министринин экстремалдуу секирүүсү тартылган видео интернетте 3-ноябрда пайда болду. Мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Максүтов тарзакадан КМШ өлкөлөрүнүн Маданият министрликтеринин башчыларынын октябрдын аягында өткөн саммитинде секирген.

«СкайБридж» — дүйнөдөгү жөө адамдарга арналган эң узун асылма көпүрө — анын узундугу 520 метр. Ал Сочинин четиндеги Мзымта дарыясынын үстүндө, 207 метрден ашык бийиктикте жайгашкан.