Орусиянын Сургут шаарында үч жаш бала менен кошо бычакталып өлтүрүлгөн аялдын денеси табылды. Алардын баары кыргызстандыктар болушкан.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан. Автору: Айзада Касмалиева

Ошол эле шаарда кийинчерээк жансыз денеси табылган дагы бир эркек адам Кыргызстандын жараны экендиги айтылууда. Бирок ал жогорудагы төрт адамдын өмүрүн алган кылмышка шектүү катары каралып жатат.

Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугунун маалымдашынча, 31-октябрь күнү Сургут шаарында эки, үч жана алты жашар балдар менен кошо 34 жаштагы келин бычакталып өлтүрүлгөн. Көп өтпөй эле 2-ноябрь күнү кылмышка шектүү делген жарандын жансыз денеси ошол эле шаардагы курулуш жүрүп жаткан жерден табылды.

Кандуу окуянын себептери

Консулдук алгач эле окуяга кириптер болгондордун баары Кыргызстандын жарандары болушу мүмкүндүгүн билдирген. Сургуттагы кыргыз диаспорасынын башчысы Кубанычбек Айдаров каза тапкандардын бардыгы Кыргызстандын өзбек улутундагы жарандары экендигин тастыктады.

Анын айтымында, Ноокат районунун тургуну, 34 жаштагы келин Сургутка ушул жылдын 4-октябрында келген. Ал өзүнүн бир баласын жана жумушта иштеген кайнисинин эки баласын үйдө карап олтурган маалда, болжол менен күндүзгү саат үчтөр чамасында кол салууга туш болгон.

- Бул келин балдарды багып үйдө олтурган. Ошол күнү каргашалуу окуя болуп, өзүнүн эле жердеши Сабиров деген адам баарын бычактап кеткен. Буларды өлтүргөн бала да кийин өзү асынып алган. Негизи эми азыр божомол боюнча турмуштук келишпестиктен чыккан уруш деп жатышат. Айтылган сөздөргө караганда, мурда-кийин тааныш эле болушкан го. Бир батирде, коңшу бөлмөдө чогуу турушкан экен.

Кубанычбек Айдаровдун айтымында, келин менен балдардын сөөгүн өлүкканадан алып чыгууга уруксат берчү документтерди камдаганга 100 миң рублдан ашык каражат кетти. Маркумдардын сөөгүн мекенине бекер ташый турган “Эйр Бишкек” жана “Кыргызстан” авиакомпанияларынын рейстери бейшемби жана ишемби күнгө туура келгендиктен, маркумдардын туугандары “Авиатрафик” компаниясына кайрылууга аргасыз болгон.

Орусиядан сөөк жеткирүү түйшүгү

Бирок бул компания сөөктү бекер жеткирүүдөн баш тарткан. Ага байланыштуу маркумдарды Кыргызстанга жеткирүү иши кечигип, келин менен үч наристенин сөөгү бүгүн гана (4-ноябрдан 5-ноябрга караган түнү) түнкү саат экилерде мекенине келмей болууда.

Ал эми алардын өмүрүнө кол салган, кылмышка шектүү жарандын сөөгү азыр Сургутта экспертизадан өткөрүлүп жатат. Кубанычбек Айдаров:

- Биздин өкмөттүн чыгарган токтому бардык компанияларга бирдей болбогону өкүнүчтүү. Азыр “жүк-200гө” 28 миң рубль төлөш керек экен. Мен консулдукка кайрылдым: “Жок дегенде ошол жаш балдар үчүн акча албасынчы. Баары бир адамбыз го" деп. Биз деле туугандарын бейшемби же ишемби күнү бир тыйын төлөбөй кетирели, керек болсо жакындары үчүн билеттерине жеңилдик кылып берели деп көндүрүүгө аракет кылдык. Бирок алар сөөктү эртерээк алып кетели деп айтканыбызга көнбөй коюшту. Өлүкканада жатканда эмне, андан көрө эртерээк жерге берели”деп. макул болушкан жок. 

2012-жылдын декабрь айынан тарта “Кыргызстан” авиакомпаниясы Орусия жергесинде ар кандай жагдайда каза болгон кыргызстандык жарандардын сөөгүн мекенине кайтаруу үчүн акы алуудан баш тарткан. Ал убакта сөөктү ташып келүү 200 доллар болчу. Кийинчерээк  “Бишкек-эйр” аба компаниясы дагы кыргызстандыктардын сөөгүн Бишкек жана Ошко акысыз жеткирүүгө макул болгон.

“Чыгымдарды мамлекет төлөп берет”

Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу Чет жерге жумушка орноштуруу борборунун жетекчи орун басары Алмаз Алыбаевдин билдиришинче, эгер “жүк-200” мекенине жеке компаниялардын жардамы менен акы төлөнүп жеткирилсе, өкмөт кайра ошол кеткен чыгымды маркумдун жакындарына кайтарып бере алат. Бул үчүн тийиштүү документтер менен борборго кайрылуу керек.

- Өкмөттүн токтому бар. Ага ылайык, маркумдарды өз мекенине жеке компаниялар менен акы төлөп алып келсе, анын чыгымын мамлекет кайра төлөп берет. Ал үчүн маркумдун жакындары, туугандары келип бизге арыз жазышы керек. Каза болгонун тастыктаган документтерин, иштеген жеринен тактама алып келүү керек. Анан биздин борборго кайрылганда, ал жерден комиссия чечим кабыл алып, жолго кеткен чыгымдарын, бажы төлөмдөрүн төлөп берет. Жыл башынан бери  аталган борборго ушундай арыз менен 38 маркумдун жакындары кайрылган. Каза тапкандардын 17си аял.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымдашынча, быйылкы жылдын тогуз ай аралыгында Орусиядан  Кыргызстангажалпы 229 “жүк 200” жөнөтүлгөн.

Бейрасмий маалымат боюнча, Орусияда миллионго чукул кыргызстандык жашап, иштеп келет. Алардын үч миңден ашууну Сургут шаарында отурукташкан. Көбүнчөсү соода-сатыкта, курулушта жана тейлөө тармагында иштешет.