«Кыргызтелекомдун» башкы директору Алмаз Кадыркулов Кыргызстанда санариптик телеберүүнү ишке киргизүүнүн биринчи баскычында санариптик берүү калктын жарымынан көбүнө жеткиликтүү болорун билдирди. Вице-премьер Эльвира Сариева өкмөт 10 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө санариптик берүү үчүн керектүү болгон ресиверлерди сатып алууга жардам бере тургандыгын айтты.

6-ноябрда «Кыргызтелеком» DVB-T2 жана DVB-S2 стандарттарында санариптик жана спутникалык телеберүүнү ишке киргизди — бул Кыргызстанда санариптик телеберүүнү ишке киргизүүнүн биринчи баскычы.

DVB-S2 — бул спутник аркылуу санариптик телеберүү стандарты. DVB-T2 болсо — санриптик телеберүүнүн жердеги европалык стандарты.

Мекеменин пресс-релизине ылайык, санариптик телеберүүнү ишке киргизүү үчүн керектүү болгон жабдууларга «Кыргызтелеком» 2,6 млн. доллар (149 млн. сом) короткон. Жабдууларды жеткирүү менен украиналык «Квант эфир» компаниясы алектенүүдө.

«Кыргызтелекомдун» башкы директору Алмаз Кадыркуловдун айтымында, санариптик телеберүүнү киргизүү төрт баскычта ишке ашат — алгачкы баскычы бүгүн, 6-ноябрда ишке киргизилди. Муну менен компания санариптик берүүнү өлкөнүн калкынын 59 пайызына жеткиликтүү кылууну пландап жатат.

Кийинки үч баскычы эки жылдын ичинде — 2016-жылдын сентябрына чейин ишке ашырылат, анда санариптик телеберүүнү Кыргызстандын калкынын 95 пайызына жеткиликтүү кылуу пландалууда. Бирок өлкөдө санариптик телеберүүнү киргизүү стратегиясында санарипке өтүү процесси 2015-жылы аяктай тургандыгы көрсөтүлгөн.

«[Биринчи] баскыч [...] республиканын чек араларга жакын жайгашкан аймактарын сапаттуу сигнал менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн берет. Ошондой эле ал жалпы өлкөнүн санариптик берүүгө өтүүсүндөгү эң башкы учурлардын бири болуп эсептелет», — деп билдирди Кадыркулов.

Гүлбүбүнүн үйүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынан радио жана жалгыз ТВТ тажик каналын гана кабыл алган телевизор бар.
Гүлбүбүнүн үйүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынан радио жана жалгыз ТВТ тажик каналын гана кабыл алган телевизор бар.

Компаниянын пресс-релизине ылайык, спутникалык берүү республиканын алыскы райондорунун жашоочуларына да санариптик телеберүүнүн жеткиликтүү болушу үчүн ишке киргизилди.

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева өкмөт Кыргызстандын 10 миң аз камсыз болгон үй-бүлөсүнө санариптик телеканалдарды көрүү үчүн зарыл болгон ресиверлерди сатып алууга жардам бере тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, өкмөт аз камсыз болгондорго ресивер сатып алууга жардам берүү үчүн финансы министрлигинен каражат сураган.

«Учурда өкмөт бул маселени карап жатат. Менин оюмча, жылдын соңуна чейин бул маселени карап чыгып, ресиверлерди сатып алып, колунда жок үй-бүлөлөргө таратып берүү үчүн кошумча каражат бөлөбүз», — деди ал.

Октябрдын ортосунда транспорт жана байланыш министринин орун басары Эрнис Мамырканов андай ресиверлерди Кыргызстан рыногунда сатып башташкандыгын жана алардын баасы болжол менен 1,5 миң сом экенин билдирген.

Санариптик телеканалдар

Октябрдын ортосунда Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Чынгыз Бекташев өлкөнүн санариптик телеканалдарынын пакети үчүн Кыргызстанда 4 мультиплекс бар экенин билдирген.

Телевизиондук мультиплекс — бул санариптик телеберүүдөгү телеканалдардын бирдиктүү пакети. Бекташевдин айтымында, үч мультиплекс коммерициялык берүүлөр, а бирөөсү — социалдык пекетте көрсөтүү үчүн пайдаланылат.

Бийлик буга чейин социалдык пакетке кире турган телеканалдардын тизмесин түзгөн — ага 7 республикалык телеканал кирип, дагы бир орун облустук телеканалдарга бөлүнгөн.

Пакетке төмөнкү республикалык телеканалдар кирген:

КТРКнын үч каналы: коомдук-саясий канал, «Маданият» жана «Баластан»
ЭлТР
Бишинчи канал
Пирамида
«Мир» ТРКсы.

Социалдык пакеттеги телеканалдардын санариптик берүүгө өтүүсү үчүн мамлекетт 100 миллион сом бөлгөн.

Санариптик телеберүүгө өтүү

Санариптик телеберүүгө өтүү 2008-жылы башталган, анда бийлик Баткен облусунда пилоттук долбоорду баштаган. Учурда ал жакта облустук жана жеке телекомпанияларды кошкондо 10 телеканал көрсөтүлүүдө.

2011-жылы Кыргызстандын өкмөтү 2015-жылга карата санариптик берүүгө өтүү жөнүндө токтом кабыл алган.