Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн арналган жаңы комплекси менен тааныштырды. ЖАМКнын кызматкерлеринин айтымдарында, ал абактан «качып кетүүгө мүмкүн эмес».

Азырынча эки корпустун 200 кишиге ылайыкташтырылган бирөөсү гана курулуп бүттү — жалпысынан абактын курулушуна мамлекеттик бюджеттен 185 млн. сом жумшалган.

Абак жарым жер төлөө, административдик бөлмөлөр, камералар жана сейилдөөчү короолордон турган үч кабаттуу имаратты элестетет. Камактагылар экинчи кабатка жайгаштырылып, ар бир камерада төрттөн киши кармалат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Орозалиев журналисттер менен болгон маегинде бул абак өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн гана пайдаланыла тургандыгын билдирди. Айтымында, өлкө боюнча алардын саны 300дөн ашык.

«Бул жактагы камералар кармоо режими менен айырмаланып турушат. Тергөө абактары таптакыр башка мекеме, ошондуктан мындагы режим да таптакыр башкача. Өмүр бою эркинен ажыратылган адам үчүн жылына бир узак жана эки кыска жолугушуу каралган. Ошондой эле алардын туугандарынын жылына үч жолу бир нерсе алып кирүүсүнө уруксат берилет», — деди ал.

Орозалиевдин айтымында, абактын имаратына видео-көзөмөл камералары орнотулуп, эшиктери электр кулпулар менен бекитилет.

«Эшиктерге электр кулпулары орнотулат. Коридорлорду көзөмөлдөөчү атайын кызматтын бардыгы тең төмөнкү кабатта отурат. Ичинде экиден көзөмөл камералары болот», — деди ЖАМК башчысынын орун басары.

Чиновник бул абактан камактагы бир дагы адам качып кете албайт деп убадалады.

«Биз бул жактан эч ким кача албайт деп кепилдик беребиз. Бардык эл аралык талаптарга жооп берген зарыл болгон коопсуздук чараларынын бардыгы каралган», — деп билдирди ал.

Мындай билдирүү жатак абагынан качып кеткен адам милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиевди өлтүргөндөн бир нече күн өткөндөн кийин айтылууда.