«Газпром» мунай компаниясынын күйүүчү май ташыган унаасы Бишкектен «Манас» аба майданына бара жаткан жолдо трассадан чыгып, аз жерден оодарылып кете жаздаган — ал Бишкектин жашоочуларынын бири тарабынан видеого тартылып, Kloop.kgнин редакциясына жөнөтүлдү.

Өзүн Тилек деп тааныштырган Бишкектин тургуну 25-ноябрда жолдон чыгып кетип, аз жерден оодарылып кете жаздаган күйүүчү май ташуучу унаа тартылган видеону жөнөттү — анын айтымында, жүк унаасы «Газпром» компаниясына таандык.

Тилектин айткандары боюнча, кырсык 25-ноябрда болжол менен саат 15:30дарда болгон.

Видеодо «Газпромдун» кызматкерлери кырсыкка учураган унаадагы күйүүчү майды башка унаага сордуруп куюп жаткандыктары көрүнүп турат. Болжолдуу маалыматтар боюнча, кырсыктан эч ким жаракат алган эмес.

Азырынча мындан кененирээк маалымат жок.