Kloop.kgнин кабарчысы Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен байланышып, мекеме редакциянын «казак жихадчы-балдар» тууралуу материалын эмне себептен прокуратурага жөнөткөнүн билүүгө аракет кылды.

Анна Лелик, Kloop.kgнин кабарчысы: ИИМдин пресс-релизинде ЖМКлар тууралуу айтылган, алардын арасында телеканал да бар. Кеп кайсыл басылмалар тууралуу болуп жатканын санап айтып бересизби?

Эрнис Осмонбаев, ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү: Кеп кайсыл канал жөнүндө болуп жатканынбы?

Kloop.kg: Ооба, кеп кайсыл канал тууралуу болууда? Менин түшүнүмчө, кеп бир канча басылма жана телеканалдар тууралуу болууда.

ИИМ: Азыр мунун үстүндө Экстремизм менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери иштеп жатышат. Ал документтер Бишкектеги каналдардын биринде көрсөтүлгөн деген маалымат болгон. Андан сырткары ал материалдардын үзүндүлөрү дагы деле силердин сайтта турат.

Бир нече күн мурун биз, Экстремизм менен күрөшүү боюнча башкы башкармалык, андай материалдардын жарыяланбай эле коюусу жакшы экендиги тууралуу пресс-релиз чыгарганбыз. Анткени кандай гана экстремисттик уюм болбосун өздөрүнүн даяр материалдарын ЖМКлар же интернет аркылуу берүүгө аракет кылышат.

Анан ЖМКлардын кызматкерлери эксклюзивдүү же популярдуу материал чыгарабыз деп аны өз сайтына же каналына чыгарышат. Бул боюнча биз кечээ пресс-релиз чыгарып, жөнөткөнбүз.

Kloop.kg: Айтсаңыз, силердин мекеменин көз карашы боюнча маалыматты, мисалы, балдардын  [«Ислам мамлекетинин» лагеринде] окуулары тууралуу материалды жашыруу же аны жарыялабай коюу терроризм көйгөйүнүн өзүн чечүүгө же республиканын жарандарына болгон коркунучту жоюуга жардам береби?

ИИМ: Казакстандын Башкы прокуратурасы ал видеонун Казакстандын аймагында көрсөтүлүшүнө эмнеге тыюу салды деп ойлойсуздар? Анткени ал материалда экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү фактылар бар — балдарды курал колдонууга үйрөтүү жана ал балдардын чоңойгондо капырлардын бардыгын өлтүрө тургандыктарын айтып жатышы бул кыжырды кайнаткан факты.

Мүмкүн силерге бул өтө кызык сезилээр, бирок чындыгында ал таза экстремисттик пропаганда. Аны көргөн жарандардын көбүндө коркуу сезими жаралат.

Кайсыл бир жолу биз мындай материалдарды чыгаруу менен биринчи кезекте алар коркунуч сезимдерин жайылтып, коомчулук арасында дүрбөлөң жаратууга аракет кыла тургандыктарын түшүндүргөнбүз. Мында сиздер талашып, баарын туура кылгандыгыңарды айтып жатасыңар. Анын ачык пропагандалык доо экенине макул болуңуз.

Kloop.kg: Токтоп турсаңыз, азыр мен ИИМдин позициясын түшүнүүгө аракет кылып жатам, маалыматтын жарыяланбашы анда балдарды окутуп жаткандыктарына же окутпагандыктарына кандай таасирин тийгизиши мүмкүн? Мындай материалдын жарыяланышына тыюу салуу же жарыяланышына тоскоолдук кылуу жарандардын конституция менен кепилденген маалымат алуу укуктарын бузат деп эсептебейсизби?

ИИМ: Биз мындай нерселерге тыюу салуу жарандардын укуктарын бузат деп эсептебейбиз. Тескерисинче, коомчулукта чыңалууну жаратышы мүмкүн болгон мындай нерселерди көрсөтпөш керек деп эсептейбиз. Ал диск (видео) интернетте же ЖМКларда көрсөтүү максатында ИГИЛдин лагеринде, «Ислам мамлекетинде» даярдалган.

Kloop.kg: Анда мына мындай суроо: анда ЖМКлар балдардын аскердик лагерлерде даярдыктан өтүп, окуп жаткандыктары көйгөйүн кантип чагылдыруулары керек? Силердин пикирде, бул көйгөйдү ЖМКлар кантип чагылдыруулары керек?

ИИМ: Терроризм жана экстремизм көйгөйлөрүн чагылдырууга таптакыр тыюу салынбайт. Бирок коомчулукка зыянын тийгизип, калктын арасындан коркуу сезимдерин, дүрбөлөңдү жаратышы мүмкүн болгон учурларына тыюу салынат. Мына, Сирияда балдарга курал берип, аларды үйрөтүп жаткандыктарын адамдар ар башкача түшүнүүлөрү мүмкүн — кимдир бирөөндө коркуу сезими пайда болсо, башкалары жакшы түшүнбөстөн анда жасалып жаткандарды туура деп ойлошу мүмкүн. Мунун бардыгын эске алуу керек.

Ошондуктан бул сыяктуу материалдардын интернетте же ЖМКларда таптакыр көрсөтүлбөгөнү жакшы болот.

Бул мындай биринчи учур эмес — буга чейин ушундай эле материал ЖМКлардын биринде көрсөтүлгөн, анда ИГИЛдин аскерлеринин биринин маеги тартылган. Ал террористтик аракеттер тууралуу айтып, жарандарды ага үндөгөн.

Kloop.kg: Негизи эле ИИМ балдардын, жарандардын ал жактарга кетишине кандай чараларды көрүп жатат, айта аласызбы? Мүмкүн сиздерде бул боюнча кандайдыр бир маалыматтарыңар бардыр? Адамдардын Сирияга кетип жатышына каршы силердин мекеме кандай аракеттерди көрүүдө?

ИИМ: Бул боюнча ИИМ гана иш алып барбайт, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да иштейт. Үгүттө фактылары бар. Сириядагы адамдар «Одноклассники»же башка социалдык түйүндөр аркылуу өз тааныштарын үгүттөөгө аракет кылган учурлар бар. Экстремизм менен күрөшүү боюнча башкы башкармалык тарабынан бир нече факты аныкталган.

Андан сырткары алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө. Биздин кызматкерлер студенттер, дин кызматкерлери менен иштешкен. Ошондой эле биздин кызматкерлер камактагылардын арасында иш алып барышып, жаза өтөө мекемелеринин бирин текшерүү маалында үгүттөөчү диск алынган учурлар да болгон.

Экстремизм менен күрөшүү боюнча башкы башкармалык менен УКМКнын кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрүнүн бири ал террористтик жана экстремисттик уюмга мындан ары катышуудан баш тарткан.

Kloop.kg: Мен сиздердин позицияңыздарды түшүнүп атам. Бирок азыр интернеттин жеткиликтүүлүгү күн сайын өсүп жатат. Бизде кыргыз жана орус тилдеринен башка тилдерди да билген жарандар бар. Англис жана башка көптөгөн тилдер бар. Мунун бардыгын эске алганда маалыматтын интернеттеги агымын кандай жол менен көзөмөлдөөгө болот? Ал видеону дүйнөлүк басылмалар да жарыялашкан. Андай маалыматты Кыргызстанда эч ким жарыялабаган күндө да эгер жарандарда ал маалыматты башка булактар аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү бар болуп турганда бул маселе кандай жол менен чечилет?

ИИМ: ИИМ ал видеого тыюу салынышын ал жакта видеодо көрсөтүлгөн Казакстандын гана жарандары эмес, Кыргызстандын да жарандарынын бар экендиги фактысы менен негиздейт. Алардын биздин жарандарды үндөп жаткандыктары да – бул факт.Ошондуктан андай материалдын Кыргызстандын аймагында көрсөтүлбөй эле койгону жакшы. Казакстан тыюу салды. Биз дагы мындай материалдардын көрсөтүлбөшү үчүн чараларды көрүп жатабыз.

Kloop.kg: Силер Башкы прокуратурага доо арыз жөнөттүңүздөр. Алардан кандай аракеттерди күтөсүңөр? Башкы прокуратура кандай аракеттерди көрүшү керек?

ИИМ: Мен Башкы прокуратуранын кандай аракеттерди көрөөрүн билбейм. Эскертүү же дагы башка нерсе болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да силер ал материалды өчүрсөңөр жакшы болмок.

Kloop.kg: Бизге сиздердин позиция түшүнүктүү, рахмат.

ИИМ: Буга чейин да мындай материал сайттардын бирине жарыяланган, бирок алар түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө материалды сайттан өчүрүшкөн.