Бишкектеги маршруттук таксилердин тынч атмосферасы Kloop.kgнин кабарчысы Беназир Ибраимовада шаардыктар коомдук транспортто бара жатканда эмнелер тууралуу ойлонуп, аларды эмнелер түйшүккө сала тургандыгы жөнүндөгү суроолорду жараткан. Жооптордун арасында — Жаңы жылга даярдануу, үй-бүлө куруу тууралуу кыялдануулар жана өткөндөгүлөр жөнүндөгү ойлор бар.

7

Ноябрдын аягында Бишкекке кар калың жаап, суук эрте түшүп, бишкектиктер шаар аралап жөө сейилдегенден коомдук транспорт менен жүрүүнү артык көрө башташты.

20

Ансыз деле бишкектиктердин арасында популярдуу болгон транспорт түрү — маршруттук таксилер — чоң суроо-талапка ээ болуп башташты.

6Kloop.kgнин кабарчысы Беназир Ибраимова жылуу курткаларды кийген адамдарды аралап, Бишкек маршруткаларында санаага батып, ойлонгон жүргүнчүлөргө көңүлүн бурган.

43

«Мен дайыма мага таптакыр тааныш эмес адамдын ички дүйнөсүнө кирип, анын ордунда болуп, анын дүйнөсүн анын жеке өзүнүн элесинде көрүүгө кызыкчумун. Анан мен адамдардан учурда аларды эмнелер түйшүккө салып жаткандыгын сурап баштадым», — деди ал.

tahmina

Тахмина, медакадемиянын студенти: «Бүгүнкү күндүн планын түзүп жатам. Колго жасалган азембелектерди жасап, Жаңы жылга карата момпосуй белектерди ойлоп табам. Момпосуй тандоо үчүн Ош базарына баратам. Үйдө бир аз даярдап койгондорум бар. Анын баарын кантип кооздосом деп ойлонуудамын. Оюмду бир жерге топтоп, жакшылап ойлонуу үчүн атайын бош маршрутканы күткөм».

kajrat

Кайрат: «Мен байкем менен жолугуу үчүн Ош базарына баратам. Жолуккан соң «Көк-Жардагы» үйүмө барам. Сабактарга бир айдан бери бара элекмин. Ооруп атам, азыр да дарыланып жатам».

gulzada

Гүлзада, чачтарач: «Мен өтө чарчадым, уйкум келип атат».

saltanat

Салтанат, медакадемиянын 5-курсунун студенти: «Өткөндөгүлөр тууралуу ойлондум. Мен келечекте баары жакшы болуп, бутума турсам дейм. Өткөндү унутуп, мени таарынтып койгон мурунку сүйгөнүмө азыр менде баары жакшы экенин далилдегим келүүдө. Мен медакадемияда окуйм жана зачетторду кантип жалаң бешке тапшырсам дейп ойлонуп атам».

bahtiyar

Бахтияр, ашпозчу: «Азыр мен автобекеттен үйгө бара жатам. Жеткенде тамак даярдай тургандыгым жөнүндө ойлонуудамын. Рецепт боюнча бир нерсе даярдайм. Аталаш бир тууганым менен жашайм. Ашпозчулукка окуп атам».

sajkal

Сайкал, медик: «Азыр мен медик болуп иштеп атам, бирок кесибим боюнча финансистмин. Үй-бүлөмдү кантип куруу тууралуу ойлонуп атам. 2015-жылга карата жетишип калсам деп атам, февраль же январда болсо жакшы болмок. Мен кыш мезгилин жакшы көрөм».

bonus

Нур Мухаммед Али, кафе жумушчусу: «Достор менен болгон отуруштарды эстедим. Алдыда эмне болот, маселелеримди чечүү үчүн эмне кылуу керек деп келечек тууралуу ойлондум».

ajdana

Айдана, Бишкек гуманитардык  университетинин студенти: «Эч нерсе жөнүндө ойлонбой элем. Азыр эжемдикине барып, кечкиге тамак жасайм».