Жогорку кеңеш «Кумтөр» алтын өндүрүү долбоорунун алкагында канадалык «Центерра» компаниясы менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча маселени карап баштады. Чиновниктер менен депутаттар мындай кадамга президент тараптан айтылган катуу сындан кийин барышууда.

3-декабрда парламент канадалык «Центерра» компаниясы тарабынан иштетилип жаткан Кыргызстандагы эң ири алтын кени болуп эсептелген Кумтөрдүн мындан аркы тагдыры боюнча маселени карап баштады.

Талкууларга караганда, парламенттин депутаттары 50-50 пайыздан кылып биргелешкен кыргыз-канада ишканасын түзүү вариантын туура көрүшөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков биргелешкен ишкана түзүү боюнча акыркы чечимдин качан кабыл алына тургандыгынын болжолдуу мөөнөтүн атады — ал 2015-жылдын февралынын башы.

«Жакшы токтом болгон, өкмөткө 50-50 боюнча макулдугубузду бердик, Жогорку Кеңештин сунушу өткөндөн кийин парламенттин алдына маселе коюп, чечиш керек болчу», — деп жазган «Тазабек» басылмасы Жээнбековдун айткандарын.

Өз кезегинде Кыргызстандын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев өкмөттүн 3-декабрдагы жыйынында учурда кыргыз бийлиги менен «Центерранын» өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду жүрүп жатканын, анын жыйынтыктары 2-3 күндүн ичинде белгилүү болоорун билдирди.

«Азыркы учурда канада тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Белгилүү бир пункттар боюнча карама-каршылыктар бар, бирок алардын үстүндө биздин эксперттер иштеп жатышат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары 2-3 күндүн ичинде жарыяланат деген үмүттөбүз», — деп жазган КирТАГ маалымат агенттиги вице-премьердин айткандарын.

Сарпашев менен Жээнбеков мындай билдирүүлөрүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «Кумтөрдүн» түзүмүн өзгөртүү процессинин создуктурулуп жаткандыгына байланыштуу парламент депутаттары менен өкмөттү сынга алгандан кийин жасалды.

Өлкө башчысынын айтымында, өкмөт Кумтөр боюнча чечим чыгаруудан «коркуп жатат». Өз кезегинде Атамбаев Кыргызстандын «Центеррадагы» 47 млн. акциясынын камакка алынышынан улам Кумтөрдү улутташтыруу «жалгыз гана жол» болуп калышы мүмкүн деп кооптонууда.

«Жыйынтыгында бизде бир гана — улутташтыруу жолу калабы деп коркуп турам. Анткени бүгүнкү күндө биз биргелешкен ишкананы да түзө албай калчудай болуп турабыз. Бирок кандай болгондо да өкмөт парламентке барып, бул маселени тез аранын ичинде биргелешип чечүүлөрү керек. Эч кимдин чечим кабыл алгысы келбейт, эч ким өзүнө жоокерчиликти алгысы келбей жатат», — деген президент.

Өкмөт Кумтөрдүн түзүмүн биргелешкен ишканага өзгөртүү боюнча жаңы макулдашуунун үстүндө иштеп жаткан чакта, кыргыз парламентинин бир катар депутаттары кенди улутташтыруу маселесин көтөрүп чыгышууда.

Улутташтыруу тууралуу кептер

2014-жылдын күз айларында, Кыргызстандын «Центеррадагы» 47 млн. акциясы камакка алынгандан кийин депутат Өмүрбек Текебаев башында турган парламенттик «Ата Мекен» фракциясы Кумтөр кенин улутташтыруу маселесин көтөрүп чыккан.

Депутаттар Кумтөрдү улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун өкмөт менен парламенттин кароосуна киргизишкен. Бирок социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков ал демилгени «популизм» деп атаган.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Кумтөрдү улутташтыруу маселесин биринчилерден болуп парламенттик «Ата-Журт» фракциясынын депутаттары көтөрүп чыгышкан — алар 2012-жылдын октябрында кенди мамлекеттин менчигине өткөрүү талабы менен митинг өткөрүшкөн.

Бирок акция депутаттарга каршы соттук териштирүүлөр менен аяктаган. Анын жыйынтыгында эл өкүлдөрү парламенттеги орундарынан кол жуушкан. Ал эми улутташтыруу боюнча талаптар Ысык-Көл облусунун кен жайгашкан районундагы жергиликтүү тургундар тарабынан айтыла баштаган.

Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу алгачкы билдирүү 2007-жылы айтылган — бул маселени кыргыз парламентинин ал кездеги вице-спикери Кубанычбек Исабеков менен депутаттардан турган топ көтөрүп чыккан. Бирок анда өкмөт кенди улутташтыруудан баш тарткан болчу.