Чет өлкөдөн Кыргызстанга акча тартууга жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жеке иликтөөңүздү каржылоонун ыкмаларын билүү үчүн бул материалды аягына чейин окуп чыгыңыз.

Кыргызстанда аймактагы эң сонун жана эркин ЖМКлар бар, бизде коррупциянын деңгээли өтө жогору, ал эми мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузуулар, чиновниктердин түшүнүксүз эле байып кетиши, жаңы курулган жолдордун өзүнөн өзү эле талкаланып жатышына байланышкан нормалдуу журналисттик иликтөөлөр дээрлик жокко эсе.

Эмнеге экенин мен билет окшойм. Учурда иштеп жаткан журналисттерди бир нече аптаны талап кылган жана жыйынтыгында ага үйлөнүү тойдогу мушташ тууралуу материалга караганда азыраак адам көңүл бура турган иликтөө менен алектенүүгө шыктандыруу өтө кыйын. Андан көрөк журналистке ал убакыттын ичинде 50-500 кичинекейрээк макала жазган оңой. Алар муну жакшы аткарышат, натыйжасында финансылык жыйынтыгы да кыйла жакшы болот.

Менин оюмча, иликтөөчү журналист — бул адамдардын өзгөчө бир тиби. Бул биздин сенсациялык видеолорду тарткан Владимир Цай сыяктуу — ал дайыма унаа кырсыгы, мушташ же өрт болгон жерге биринчилерден болуп барып калат. Ал булардын бардыгын сезе алат.

Владимир Цай Бишкектин кайсыл жеринде мушташ же жол кырсыгы болуп жатканын сезет…
Владимир Цай Бишкектин кайсыл жеринде мушташ же жол кырсыгы болуп жатканын сезет…

Иликтөөчү журналист да коррупцияны ошондой сезе билиши керек, андан сырткары бир ишке жармашып, эмне болсо да аны иликтеп, жаза турган жөндөмдүүлүгү болушу керек. Мен мындай журналисттерди дээрлик билбейм, бирок андай адамдардын окурмандарыбыздын арасында бар экенине ишенем.

Ар бириңиздер эле талкаланган жолдорду, булганган көчө жээктерин көрүп, мамлекеттик кызматкерлердин жаман мамилелерине туш болуп, анын баардыгын жакшыртуу үчүн бөлүнгөн акчанын кайсыл жакка жумшалгандыгына түшүнбөй таң калсаңыздар керек. Эми биз сиздерге аларды тактап алуу мүмкүнчүлүгүн бергибиз келүүдө.

Биз каалаган адам (журналистикага таптакыр байланышпаган кызматта иштесеңиздер, ал эмес университетте же мектепте окуп жаткан болсоңуздар да) коррупцияга каршы иликтөөгө катыша ала турган чыныгы ачык системаны түзүүнү каалайбыз.

Биз маалымат таап, жазууга үйрөтүп, керектүү чиновниктердин байланыш телефондорун берип, жабдуулар жана Кыргызстандын мыкты юристтеринин кеңештери менен камсыз кыла алабыз.

Биз ар бир адам иликтөөчү журналист боло алат деп ишенебиз.
Биз ар бир адам иликтөөчү журналист боло алат деп ишенебиз.

Биз кимдин материалдары окурмандарыбыз үчүн кызыктуу болсо ошолорду каржылайбыз. Ал үчүн биз келип түшкөн кандай гана идея болбосун аны интернетте талкууга коебуз. Идея канчалык көп жактырууларды, бөлүшүүлөрдү жана пикирлерди жаратса, анын биз тараптан каржылануу ыктымалдыгы ошончолук жогору болот. Эгер талкуунун жүрүшүндө кимдир бирөөнүн командага кошулгусу келсе же волонтер катары жардамын сунуштаса же керектүү маалыматтары менен бөлүшсө — андан да жакшы болот.

Иликтөөлөр жарыялангандан кийин авторлордун келип түшкөн жаңы идеялары анын мурунку эмгектерине карабастан коомчулуктун элегинен өтөт. Бул чындап иштеп жаткан иликтөөчүлөрдү гана сактап калууга шарт түзөт.

Бирок анча чоң эмес көйгөй бар. Бизде азыр жогоруда айтылгандардын бардыгын каржылоого каражат жок. Ошондуктан эгер силер бизге аябагандай укмуш, өтө популярдуу иликтөө идеясы менен келсеңиздер, биз албетте ага акча табабыз, бирок Клоопто кимдир бирөө (мен болот болушум керек) айлыгы жок калат.

Биз деген ийгиликтүү иликтөөчүлөрдүн жок дегенде 1-2 жыл аралыгында жакшы айлык акыга үмүттөнүүсүн каалайбыз да. Бул аралыкта алар Кыргызстандын же чет элдик башка каалаган ЖМКсына жумушка орношуусуна мүмкүнчүлүк бере турган мыкты портфолио топтой алышат.

Бактыга жараша, дал ушул маалда АКШнын Мамлекеттик департаменти коррупцияга каршы туруу тармагында жарандык коомчулук менен ЖМКлар арасында грантка сынак жарыялады (http://www.state.gov/j/drl/p/233581.htm). Биз жогоруда баяндалган идеяны ушул сынакка берели деп атабыз. Долбоордун жалпы бюджети 300 миң доллардан 500 миң долларга чейин.

Биздин идея окурмандарыбызды иликтөө үчүн тема тандоодон тарта петициялар менен арыздарды жазууга чейинки бардык деңгээлдерде тартуу. Ошондуктан биз сынакка билдирме жөнөтүүгө чейин, аларды болушунча эртерээк тарткыбыз келүүдө.

Сиздерди чиновниктердин сиздердин акчаңыздарды кайсыл жакка сарптап жаткандыктары өтө тынчсыздандырышы керек деп божомолдоодобуз. Иллюстрация project.kloop.kg. блогундагы «Грантоеды против мантоедов» деген макаладан алынды.
Сиздерди чиновниктердин сиздердин акчаңыздарды кайсыл жакка сарптап жаткандыктары өтө тынчсыздандырышы керек деп божомолдоодобуз. Иллюстрация project.kloop.kg. блогундагы «Грантоеды против мантоедов» деген макаладан алынды.

Буга байланыштуу биз Кыргызстанда буга чейин эч ким эч качан кылбаган нерсеге барабыз. Биз билдирменин черновиктеринин бардыгын (бюджетти кошуп) жеткиликтүү кылып, аны сиздердин пикириңиздерди эске алуу менен толуктап турабыз. Ачыктуулукка багытталган бул долбоор болушунча ачык болушу керектигине ишенебиз.

Албетте, биздин идеяларыбызды аталган сынакка берүү үчүн толугу менен көчүрүп албооңуздарды өтүнөбүз, бирок сиздер аларды каалаган башка максаттар үчүн эркин пайдалана аласыздар.

Биз бул материалдын төмөнкү жагындагы, ал материалдын «Фэйсбуктагы» шилтемесиндеги, ошондой эле ачылган документтердин өзүлөрүнүн ичиндеги (ооба, долбоордун текстинин ичинде да пикир калтырууга болот!) бардык пикирлерди карап турабыз.

Баарынан да биз долбоорго иликтөөчү, юрист, волонтер, редактор катары катышууну каалаган адамдардын пикирлерине көп көңүл бурабыз. Бул маалыматты «Фэйсбукта» бөлүшүп же жактыргандардын пикирлерине да дээрлик ошондой эле көңүл бурабыз. Бизге бул долбоордун алкагында алектенүүгө мүмкүн болбогон ишмердүүлүктөр менен алектенүү кеңешин бергендердин пикирлерин толугу менен четке кагабыз. Биз сиздердин пикириңиздерди сыйлайбыз, бирок бул конкреттү билдирмени талкуулоо.

Жалпысынан, биздин биргелешкен аракеттерибиздин жыйынтыктары Алексей Навальныйдын коррупцияга каршы күрөшүү кору сыяктуу бир нерсе жараткандай болот деп үмүттөнөбүз.

Эгер сиздерде иликтөө үчүн идеялар жаралса жана сынактын жыйынтыгын жарым жыл күткүңүздөр келбесе,  rinat@kloop.kg электрондук дарегиме жазыңыздар. Биз сиздерге алгач иликтөөнү волонтердук негизде баштоого жардам беребиз, андан кийин эгер баары жакшы болсо сиздин эмгегиңиз үчүн акы төлөп баштоо маселесин ойлонобуз. Биз жетиштүү дэңгээлде тажрыйбасы бар журналисттер жана башка тармактардагы улуу адамдар, студенттер, мектеп окуучулары менен иштешүүгө даярбыз. Эгер сиздерде эч кандай идея жок болуп, бирок жардам бергиңиздер келсе бизге жазыңыздар, эмне кылуу керектиги тууралуу ойлонуп көрөбүз.

Эгер Кыргызстанда коррупционерлердин иштерин казып чыгууга даяр адам табылса, анда биздин кубанычыбыздын чеги жок болот.
Эгер Кыргызстанда коррупционерлердин иштерин казып чыгууга даяр адам табылса, анда биздин кубанычыбыздын чеги жок болот.

Эгер сиздер бизди америкалык Мамлекеттик агенттиктин акчасын алуу менен АКШнын агенттери болуп калып жатасыңар деп эсептесеңиздер, бизге жазыңыздар, сизедердин жеке акчаңыздар аталган грантты кантип алмаштыра тургандыгын талкуулайбыз.

Мында идеялардын жалпы баянадылышы үчүн шилтеме, документтин өзүндө эле пикир калтырсаңыздар болот.

Мында логикалык рамканын черновигине шилтеме, жарымы орус, жарымы ангис тилинде.

Качан биз долбоордун бюджети жана башка бөлүктөрүн жазып баштаганыбызда аларды да жеткиликтүү кылабыз.

Мына, биздин иликтөөлөрдүн бир нече мисалы:

Биринчи шилтеме, экинчи шилтеме, үчүнчү шилтеме. Дагы төртүнчү жана бешинчи шилтемелер.

Бирок биз албетте булардан да жакшы кылгыбыз келет жана ал үчүн урматтуу биздин окурмандар жардам бересиздер деген үмүттөбүз.