Kloop.kgнин кабарчысы айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевге окшош адам парламенттин жыйынында үргүлөп отурганын тартып алган.

Видео парламенттин 2014-жылдын 4-декабрындагы пленардык жыйынында тартылган. Анда айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевге окшогон чиновник экономика министри Темир Сариевдин доклады маалында үргүлөп отургандыгы көрүнүп турат.

Керималиев айыл чарба министринин орун басары кызматын 2013-жылдын март айынан бери ээлеп келет.

Болжолдуу түрдө министрдин орун басары парламентке айыл чарба жерлерин башкаруу жана айлана чөйрөнү коргоого байланышкан мыйзамдардын талкуусуна катышуу үчүн барган.