«Курманжан Датка» кыргыз эпопеясы чет тилиндеги мыкты тасма номинациясы боюнча престиждүү «Оскар» киносыйлыгынын шорт-листине кирбей калды.

Америкалык киноакадемия «Оскар» сыйлыгынын эл аралык секциясынын баш байгеси үчүн ат салыша турган тасмалардын тизмесин жарыялады.

Алардын катарында Швеция, Орусия, Польша жана башка өлкөлөрдүн тогуз тасмасы бар. Кыргызстандын атынан сунушталган «Курманжан Датка» тасмасы жыйынтыктоочу тизмеге кирбей калган.

Тасманын режиссёру Садык Шер-Нияз өзүнүн Facebookтагы баракчасына «аларга [тасманын жаратуучуларына] дагы көп нерсеге үйрөнүү керектигин» жана «алар аракет кылгандыктарын, бирок болбой калганын» жазды.

«Кандай болгон күндө да биз баары бир эмгектенип, Кыргызстанды, кыргыз элин, кыргыз киносун Америкага тааныштырдык», — деген режиссёр. Ал кийинки жылы кыргыз киносу дагы бир нече чоң жаңылыктарды бере тургандыгын убадалап, бирок алар тууралуу кененирээк айткан жок.

«Оскардын» финалдык бөлүгүндө ат салышуу амбициялары жөнүндө тасманын жаратуучулары алгачкы жолу быйылкы жылдын жайында билдиришкен. Анда тасманын башкы продюсери, депутат Жылдызкан Жолдошева «Оскарга» жетүү үчүн курмандыктарга барууга даяр экендигин билдирген.

Кийинчерээк, «Курманжан Датка» Лос-Анджелесте көрсөтүлүп жаткан маалда америкалык актриса Шэрон Стоун тасма «абдан чоң потенциалга ээ» экенин жана ал «Оскар» үчүн ат салыша ала тургандыгын айткан.

«Курманжан Даткадан» сырткары жыйынтыктоочу шорт-листке фестивалда байге алуу мүмкүнчүлүктөрү жогору деп эсептелген тасмалар да кирбей калган.

Канна кинофестивалында байгеге ээ болгон түрк режиссёру Нур Бильге Джейрандын «Кышкы уйку», канадалык режиссёр Ксавье Доландын «Апаке», бельгиялык бир тууган режиссёрлор Дарденндердин «Эки күн, бир түн» тасмалары да «Оскар» үчүн ат салышуусун токтотушту.

Бирок шорт-листке орусиялык режиссёр Андрей Звягинцевдин «Левиафан», польшалык Павл Павликовскинин ак-кара түстөгү «Ида» тасмасы жана Рубен Эстлунданын «Форс-мажор» швед драмасы кирген.

Kloop.kgнин редакциясы бардык окурмандарынан бул жаңылык менен бөлүшүп, тасманын жаратуучуларын колдоого чакырат. Биз пессимисттик божомолубузга карабастан «Курманжан Датканын» «Оскардагы» ийгиликтерине ишенип, үмүттөнгөнбүз. Алдыда кыргыз киносу тууралуу «кыргыз керемети» доорундагыдай кайрадан дүйнө жүзү кеп кылаарына ишенүүбүздү улантабыз». «Курманжан Датка» — бул багытка карай эң туура кадам, анткени тасма татыктуу тартылган.