«Медиа Полис институту» уюмунун юристи Алтынай Исаева соттун чечими жок эле Kloop.kgни тосмологон интернет таркатуучулар Башкы прокуратура менен Мамлекеттик байланыш агенттигинин мыйзамсыз талаптарын аткаруу менен «арабанын алдына түшүп алышкан» деп эсептейт.

Кыргызстандын Мамлекеттик байланыш агенттиги 2014-жылдын 17-декабрында Kloop.kgдеги «жихадчы-балдар» жөнүндөгү видеону тосмолоо тууралуу интернет таркатуучуларга жөнөткөн жазма буйругун чакырып алган.

Мамлекеттик байланыш агенттиги жазма буйругун чакырып алуу тууралуу чечимин Башкы прокуратура материалдын «экстремисстик» деп табылгандыгы тууралуу соттун чечимин жөнөтпөгөндүгү менен түшүндүргөн.

«Клооп Медиа» коомдук корунун президенти (кордун курамына Kloop.kg жаңылыктар сайты кирет) Бектур Искендер Facebookтагы жеке баракчасына Мамлекеттик байланыш агенттигинен расмий түрдө эл алдында кечирим сурашын күтүп жаткандыгын билдирген.

Эл алдында кечирим сурашпаса керек, анткени ал учурдагы мыйзамда каралган эмес. Бирок биз үчүн кубанып коюуга болот, кантсе да биздин мамлекеттик органдардын мыйзамды сактоого аракет кылып жатышы жагымдуу эмеспи.

Эске салсак, 2014-жылдын 24-ноябрында www.kloop.kg сайтына «Ислам мамлекетинин» видеосу: Казакстандан барган балдар капырларды өлтүрө тургандыктарын билдирип жатышат» деген аталышта видеоматериал чыккан (ал видеоматериал Daily Mail гезитинин сайтындагы материалдын кыскартылган версиясы болчу).

Ошол эле күнү Казакстандын Байланыш жана маалымат министрлигинин алдындагы Компьютердик инциденттерге аракет этүү кызматы Kloop.kgге видеону сайттан өчүрүү өтүнүчү менен кат жөнөткөн.

Kloop.kgнин редакциясы казакстандык кызматтын өтүнүчүн аткаруудан баш тарткан, анын натыйжасында 2014-жылдын 26-ноябрында Казакстанда Kloop.kg сайты тосмолонгон. Бул таң калычтуу деле эмес, анткени коңшу Казакстанда «көңүлгө жакпаган» маалыматтар жайгаштырылган сайттарды жабуу көп кездешет.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын аракеттери «таң калтырууда»:

1. Сайтына аталган видеоматериал жайгаштырылган Kloop Media коомдук коруна түздөн түз кайрылбастан Кыргызстандын ИИМинин 10-башкы башкармалыгы 25-ноябрда тиешелүү чараларды көрүүсү үчүн документтерди Башкы прокуратурага жөнөткөн.

3-декабрда Башкы прокуратура Мамлекеттик байланыш агенттигине «экстремисттик» материалга кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу жөнүндөгү жазма буйругун жолдогон.

10-декабрда Мамлекеттик байланыш агенттиги интернет таркатуучуларга Kloop.kg сайтына жайгаштырылган видеоматериалга кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөөлөрү жана 12-декабрга чейин жазма буйруктун аткарылгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүүлөрү керектигин жазылган каттарды жолдогон.

2. Бир катар интернет таркатуучулар тарабынан сайттын тез арада тосмолонушу. 11-декабрдан тарта эле facebook.com. социалдык түйүнүн колдонуучулары «Aknet» интернет таркатуучусу аркылуу www.kloop.kg сайтына кирүү мүмкүн болбой жаткандыгын билдирип даттанып башташкан.

Андан соң Kloop.kgнин серверин тейлеген «ProHost» компаниясы порталдын серверин интернеттен өчүрө тургандыгын айтып коркутуу менен жалпы сайтка кирүү мүмкүнчүлүгүн тосмологон.

Бул Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттигинин ыйгарым укуктарында сайттарды соттун чечимисиз тосмолоого мыйзамдуу укуктарынын жок экендигине карабастан орун алган.

«Сайтты толугу менен же жарым-жартылай тосмолоо» түшүнүгүнүн өзү КРнын бир дагы нормативдик-укуктук актылары тараптан каралган эмес.

Мыйзамда интернет таркатуучуларга сайттарга жайгаштырылган ички контентти көзөмөлдөө, аларды тосмолоо же жабуу укуктарын бере турган нормалар жок.

Тилекке каршы, бул Кыргызстанда Мамлекеттик байланыш агенттигинин интернет таркатуучулар баш тарта албай, жыйынтыгында сайттарды тосмологон биринчи жөнөткөн каты эмес.

2013-жылы, качан www.fergana.ru сайтынын Мамлекеттик байланыш агенттигине карата жазган доо арызы каралып жаткан соттук процесстин жүрүшүндө интернет таркатуучулардын юристтери алардын ыйгарым укуктарында тосмолоо түшүнүгү жок экенин билдиришкен, Байланыш агенттигинин өкүлдөрү болсо интернет таркатуучулардан «талап кылбагандыктарын», а болгону алардан өтүнгөндүктөрүн айтышкан.

Анда мыйзамда жазылбаган нерсени аткаруу менен арабанын алдына түшүп алуунун эмне кереги бар?