Кыргыз бийчиси Атай Өмүрзаков менен «Тумар» бий тобу 20-декабрь күнү Кёльн шаарында өткөн популярдуу немис таланттар шоусунда 4-орунга ээ болушту. Кыргызстандан барган бийчилер көрүүчүлөрдүн добуштарынын 10,86 пайызын алышкан.

Популярдуу кыргыз бийчиси Атай Өмүрзаков менен «Тумар» тобу Германиядагы Das Supertalent таланттар шоусунда көрүүчүлөрдүн добуштарынын 10,86 добушуна ээ болушуп, 4-орун алышты.

Сынактын жеңүүчүлөрүн СМС-добуш берүү аркылуу аныкташты. Биринчи орунду кёльндук пародист Марсель Крауль алды — ал жалпы добуштардын 26 пайызына ээ болгон.

Кыргызстандан барган бийчилер калыстар тарабынан немис шоусунун тарыхындагы «мыкты бийчилер» деп табылышты.

Долбоордун калыстарынын бири, 80-жылдардагы популярдуу Modern Talking дуэтинин катышуучусу катары белгилүү болгон Дитер Болен «Тумардын» мүчөлөрүн шоунун 8 сезонундагы мыкты бийчилер деп атады.

Дагы бир калыс, америкалык хореограф Брюс Дарнелл, «Тумардын» бийин кастингде көргөндө эле шыктанып, көңүлү көтөрүлүп калгандыгын айтты. Ал кыргыз бийчилеринин финалдык бийин «Франкенштейндин заманбап версиясы» деп атады.

«Бул мен үчүн рождество күнүнө карата белек. Бул чынында эле мыкты! Укмуштуудай номур, мыкты жигиттер. Кандай болгон күндө да мен силерге ийгилик каалайм», — деди Дарнелл.

Das Supertalent — бүткүл дүйнөлүк телевизиондук таланттар шоусунун немис версиясы.

«Тумардын» бийи Das Supertalent 2014 сынагынын финалындагы колдоо тобунун көзү менен.