22-декабрда Балыкчы шаардык кеңешиин депутаты Балыкчы шаардык сотунун төрагасына пара берип жаткан жеринен кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Балыкчы шаардык кеңешинин депутатынын кармалышы тартылган видео таратты.

УКМКнын маалыматы боюнча, З. О. аттуу депутат Кылмыш кодексинин «Сатуу максатында эмес баңги заттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сактоо, жөнөтүү» беренеси боюнча айыпталып жаткан К.К. аттуу жарандын иши боюнча актоо өкүмүнүн чыгарылышы үчүн жергиликтүү шаардык соттун төрагасына пара катары 20 миң сом берүүгө аракет кылган.

Пара берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.