Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы мекеме башчысы Аида Салянованын отставкага кеткендиги тууралуу маалыматты четке какты. Башкы прокурордун кызматтан кеткендиги тууралуу «Азаттык» радиосу «жеке булактарына» шилтеме жасап билдирген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде мекеме башчысы Аида Салянованын отставкага кеткендиги тууралуу маалыматты четке кагып, ал 22-декабрда «кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккандыгын» билдирди.

Анын айтымында, башкы прокурордун милдеттерин убактылуу мекеме башчысынын биринчи орун басары Темирбек Бекмаматов аткарууда.

Маалыматты Башкы прокуратуранын Kloop.kgнин кабарчысы менен маектешкен дагы эки кызматкери да четке кагышты. Алардын экөөсү тең «маалыматтын ушак» экенин билдиришти.

Буга чейин Салянованын кызматтан кеткендигин тууралуу «Азаттык» радиосу «жеке булактарына» шилтеме жасоо менен билдирген.

«Башкы прокурор Аида Салянова азыр 20 күндүк эс алууда, андан соң кызматын биротоло тапшырат», — деп жазган «Азаттык».

Бүгүн, 25-декабрда, Салянова «жогорку окуу жайдын дипломун жасатып алган» деп айыпталып жаткан депутат Нурлан Төрөбековго каршы козголгон кылмыш иши боюнча парламентте маалымат бериши керек болчу.

Kloop.kgнин парламенттеги кабарчысы билдиргендей, бул маселени кароо кийинкиге калтырылган.

Салянова башкы прокурор болуп 2011-жылдын апрелинен бери иштеп келет.

«Камила Дүйшөбаеванын иши»

Аида Салянованын отставкага кеткендиги тууралуу ушактар 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн иликтенишинин фонунда пайда болду — бул иш боюнча сурак берген күбөлөрдүн бири башкы прокурордун аталаш тууганы Калый Салянов болгон.

2014-жылдын мартында белгисиз жагдайларда каза болгон Дүйшөбаеванын туугандары анын өлүмүнө Калый Саляновдун тиешеси бардыгына ишенишет — ал каза болгон кыз менен окуя болгон күндүн мурунку күнү байланышка чыккан. Алардын пикиринде, башкы прокурордун тууганы Дүйшөбаева менен тааныш болгон.

Андан сырткары кыздын туугандары ал кылмышка 2010-жылдагы апрель революциясы маалында каза болгондордун кызыкчылыктарын коргоп жүргөн жактоочу Осунбек Жамансариевди да айыптап  жатышат.