Бул материал Kloop.kgнин чечими менен сайттан өчүрүлдү.

Kloop.kgнин негиздөөчүлөрү Ринат Тухватшин жана Бектур Искендердин расмий билдирүүсү:

Мындай видеонун сайтыбызга чыккандыгынан улам Клооптун негиздөөчүлөрү катары биз уялдык. Владимир Цай күтүүсүз кырдаалдарда видео тартууга адистешкен. Уруш-жаңжал, өрт, кырсык болгон жерге ал дайыма алгачкылардан болуп жетип барат. Башкалар чочулаган нерселерди ал тартып чыгарууга жөндөмдүү.

Тилекке каршы, бул ирет ал жана редакция жаңылыштык кетирди. Бул тартылган видео сексизмге жана сапатсыз тамашага толгон тасма болду. Ар бир адам камеранын алдында жөнөкөй эле суроого жооп берип жатып, өзүн жоготуп коюусу жана маектин контекстине кирбеген сөздү айтып жиберүүсү толугу менен мүмкүн.

Бул тасма кимди капа кылган болсо, алардын баарынан кечирим сурайбыз.