Билим берүү министри Эльвира Сариева мамлекеттик сатып алуулар тармагын жетектеген Бакыт Кадыркуловду мекеменин тендерлерин өткөрүүдөн четтетти. Билим берүү министрлигинин башчысынын мындай буйругу «коррупциялык латын тамгаларынын» жардамы менен министрликтин 167 млн. сомдук эки тендеринин жашырылгандыгын ачыкка чыгарган Kloop.kgнин иликтөөсүнөн кийин чыгарылды.

Кадыркуловдун четтетилгендиги тууралуу буйрукка 29-декабрда — мекеменин мектеп окуучулары үчүн китеп басып чыгаруу боюнча 167 млн. сомдук эки тендеринин жашырылгандыгы ыктымалдыгы жазылган Kloop.kgнин иликтөөсү жарыялангандан дээрлик үч апта өткөн соң кол коюлду.

Мекеменин басма сөз кызматы министр Эльвира Сариеванын буйругунун Kloop.kgнин иликтөөсүнө байланышы бардыгын ырастоодон баш тартышты.

«Бул акыркы кездерде тендерлердин түрдүү мыйзам бузуулар менен өтүп келгендигине байланыштуу», — деп билдирди Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү.

Мекеменин маалыматы боюнча, эми мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү милдеттерин башка кызматкер аткарат.

Азырынча Кадыркуловдун министрликте башка кызматта иштээр-иштебеси белгисиз.

«Коррупциялык» латын тамгалары

Kloop.kgнин 10-декабрда жарыяланган иликтөөсү Билим берүү министрлиги тендерлеринин аталыштарында кадимки кириллица тамгаларынын ордуна латын тамгаларын пайдалангандыгын көрсөткөн. Латын тамгаларынын пайдаланылгандыгынан улам мамлекеттик сатып алуулардын сайтынын издөө системасы аркылуу 167 млн. сомдук жарыяны табууга мүмкүн эмес болгон.

Иликтөө жарыяланган күндүн эртеси министрлик китептерди басып чыгаруу боюнча 93 млн. сомдук жарыясынын бириндеги латын тамгаларын алып салган.

Анда Билим берүү министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар тармагын жетектеп турган Бакыт Кадыркулов Kloop.kgге берген маегинде жарыяларда латын тамгалары «кимдир бирөө анын аккаунтун бузуп киргенден» кийин пайда болгон болушу мүмкүндүгүн билдирген.

«Шектенүүлөрдүн бири кимдир бирөө атайылап менин почтама же сырткы кирүү мүмкүндүгүн пайдаланган окшойт. Мен так айта албайм, бирок уюмдагы талаптарга туура келбегендердин бири болушу мүмкүн», — деп билдирген Кадыркулов Kloop.kgге берген 19-декабрдагы маегинде.

Ал тендерлердин аталыштарында латын тамгаларынын кандай жол менен пайда болуп калгандыгын билбестигин айтып ишендирди — айтымында, ал бул тууралуу Kloop.kgге жарыяланган макаладан окуп билген.

«Силердин макала мени чынында эле таң калтырды. Чынын айтканда, бул тууралуу биринчи жолу угуп жатам, биз тараптан андай кылынган эмес», — деп ишендирген мамлекеттик сатып алуулар үчүн жооптуу кызматкер.

Министрликтин өзү Kloop.kgнин жазуу түрүндө жиберген суроолоруна жөнөткөн жообунда жарыясындагы негизги сөздөрдү жазууда латын тамгаларын пайдаланбагандыктарын билдирген болчу.

Орусиядагы белгилүү коррупцияга каршы күрөшүүчү Алексей Навальный латын тамгаларынын пайдаланышын «коррупциялашкан» элемент деп атаган.

Анын айтымында, «коррупциялык латын тамгасы» тендерде утуп чыгышы үчүн акча төлөп берүүгө даяр болгон белгилүү бир жалданма компания өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүүлөр болгон учурларда чиновниктер тарабынан пайдаланылат.

«Мисалы, сиз алдамчысыз жана мектеп үчүн сүт алып жатасыз деп коелу. Сүт — бул стандарттуу азык, сизге жеткирип берген сүттүн баасынын бир бөлүгүн бере турган «өз жалданма компанияныңызды табууга» мүмкүнчүлүгүңүз аз. Анткени сүт жеткирүүчүлөр сайттагы сиздин жарыяна табышат да төмөнкү бааны коюп коюшат. А сиз болсо өтө жөнөкөй нерсени жасашыңыз керек. Жарыяны сайтка жайгаштырууда «молоко» деп орусча жазбайсыз, а бардык үч «о» тамгасын тең латын тамгалары менен «мoлoкo» деп жазасыз, анан мамлекеттик сатып алуулардын сайтынан издегенде ал жарыя табылбайт. Аны буйрутманы болушунча жогорку баа боюнча алып, сизге кирешесинин 20 пайызын бере турган жеткирүүчүңүз гана таба алат», — деп жазган ал.

Бирок мамлекеттик сатып алуулар тармагы боюнча эксперт Искендер Шаршеев Kloop.kgге берген маегинде «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамда латын тамгаларын пайдаланууга тыюу салуу тууралуу бир да сөз жок экенин айткан.

«Бул тармактагы биздин мыйзамдар мокок — логика алынбайт, тендер боюнча жыйынтыктоочу документтер гана алынат. Тилекке каршы, азыр аларды коррупцияга тиешеси бар деп шектенүүгө негиз жок — алар кол серпип коюшат. Мен муну биздин мыйзамдар менен менин жеке тажрыйбама таянып айтып жатам», — деп билдирген Шаршеев.

Билим берүү министрлигинин жарыясында латын тамгаларынын пайдаланышы мектептерде китептердин жетишсиздигинин фонунда орун алууда — 2014-жылдын августундагы маалыматтар боюнча, Кыргызстандын мектептери китептер менен 75 пайызга гана камсыздалган.