Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде окуянын «чыныгы себебин билбегендиктен», «Шарли Эбдо» француз сатиралык журналынын кызматкерлеринин өлүмү боюнча кимдир бирөөнү айыптай албай тургандыгын билдирди.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБнын) Билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Аким Эргешов Kloop.kgге берген маегинде анын мекемесине 7-январда Парижде орун алган теракт боюнча кимдир бирөөнү «айыптоо кыйын» экенин билдирди.

«Азыр биз үчүн бир нерсени жаман деп таап, кимдир бирөөнү айыптоо кыйынга турат. Биринчиден, бизде кимдир-бирөөнү айыптоо укугубуз жок. Экинчиден, биз андагы себептерди так билбейбиз», — деди Эргешов.

Окуяны мүнөздөп жатып ал «өкүмсүз жазалоо» терминин пайдаланды», бирок кол салууга дуушар болгон «Шарли Эбдо» басылмасынын карикатура сүрөтчүлөрүнүн ишин да сынга алды.

«Жеке мен, мусулман катары, алардын андай аракеттери менен менин сезимимди тепсегендиктерин бир нече жолу угуп, көргөм. Мүмкүн бул алардын тагдыры чыгаар, бирок алар дал ушуга бара жатышкан», — деди Эргешов сөзмө сөз.

Kloop.kgге берген маегинде айтылган позиция КМДБнын Париждеги терактка карата билдирилген алгачкы реакциясы болду.

Теракт

Сатиралык «Шарли Эбдо» журналынын редакциясына кол салуу 7-январда болгон. Анда 12 киши террористтердин курмандыгы болгон, алардын арасында белгилүү карикатура сүрөтчүлөрү, ошондой эле эки полиция кызматкери бар. Андан сырткары дагы 10 киши түрдүү жаракаттарды алышкан.

Француз полициясы терактты даярдоого тиешеси бар болушу мүмкүн деп шектелген 10дон ашык кишини кармады.

Кол салгандардын экөөсүнө, бир тууган Саид менен Шериф Куашилерге, издөө жарыяланган. Француз бийлигинин билдирүүсү боюнча, учурда алардын кайсыл жерде экендиктери аныкталды.

«Шарли Эбдо» өзүнүн сатиралык публикациялары, алардын арасында диний жана саясий тематикадагы карикатуралары менен белгилүү.

Редакцияга кол салуу журналдын исламга каршы көз карашы менен белгилүү француз жазуучусу Уэльбектин макаласы жарыяланган номурунун чыгуусуна туура келди.

«Шарли Эбдонун» редакциясы Мухаммед пайгамбарга карата жасаган карикатурасы жана ислам фундаментализмине байланышкан сатирасы үчүн буга чейин бир нече жолу коркутууларга туш болгон. 2011-жылы белгисиз адамдар журналдын кеңсесине өрт коюшкан.

Кыргызстандын бийлиги терактка карата мамилесин бир суткадан кийин билдирди — 8-январда Алмазбек Атамбаев Француз республикасынын президенти Франсуа Олландга көңүл айтты.

Атамбаев Кыргызстан эл аралык коопсуздукка жана жарандардын бейпилдигине коркунуч келтирген экстремизмдин жана терроризмдин бардык түрлөрүн чечкиндүү түрдө айыптай тургандыгын билдирди.