Мыйзамдуулук боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрү «салттуу эмес байланыштарды пропагандалоого каршы» мыйзам долбоорун кароону Женевадагы Парламенттер аралык биримдиктин эксперттеринин корутундусу чыкканга чейин токтото туруу чечимине келишти.

Социал-демократтар партиясынын (КСДП) депутаты Галина Скрипкина мыйзам долбоорун кароону Женевадагы Парламенттер аралык биримдиктин корутундусу чыкканга чейин токтото турууну сунуштады.

«Аталган мыйзам долбоору боюнча тез жыйынтык чыгарышыбыз жана анын укуктук жактан кынтыксыз болушу үчүн биз Парламенттер аралык биримдик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деди Скрипкина.

Анын айтымында, «салттуу эмес байланыштарды пропагандалоого каршы» мыйзам долбоору Кыргызстанга «абдан керек», бирок ал юридикалык жактан так баяндалып жазылган эмес.

«Бул өтө актуалдуу мыйзам долбоор, ал республикага керек. Бирок биз анын башка жагын да түшүнүп жатабыз. Ал мыйзам нормаларынын позициялары менен ылайыкташкан так баяндоого ээ болушу керек. Азырынча так баяндоо жок. Бизде өкмөттүн аппараты менен президенттин администрациясынын конкреттүү сунуштары бар», — деди ал.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Курманбек Дыйканбаев мыйзам долбоорунун демилгечилери ВИЧ-Спид көйгөйлөрү менен алектенген эл аралык уюмдардын, чет элдик элчиликтердин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушкандыктарын билдирди.

«Биз алардын мыйзам демократия менен адам укуктарына таасирин тийгизет деген тынчсызданууларынын бардыгын тең эске алдык. Бул мыйзам долбоору менен Кыргызстан кол койгон эл аралык конвенцияларды чектегибиз келбей эле. Анда салтуу үй-бүлөлөрдүн укуктары да так жазылган. А биздин мыйзам долбоор болсо салттуу үй-бүлөнү коргоого багытталган», — деди Дыйканбаев

Кыргызстанда «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандыруу» үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү мыйзам долбоору Европарламенттин 15-январдагы жыйынында талкууланат.

Эл аралык сын

Тема боюнча: Европарламент Кыргызстанда демилгеленген «гейлерге каршы мыйзам долбоорун» талкуулайт

Өткөн жылдын 10-октябрында АКШнын Кыргызстандагы элчилиги «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого каршы» мыйзам долбоору боюнча тынчсызданып жаткандыктары айтылган билдирүүсүн жарыялаган.

Дипломатиялык өкүлчүлүк мыйзам «адам укуктары, демократиялык жетишкендиктер жана Кыргызстандын конституциялык кепилдиктерине фундаменталдуу коркунуч» алып келет деп эсептейт.

«Адамдар дүйнөнүн бардык жеринде эркиндик шартында жашоого татыктуу. Анын ким экендиги же кимди сүйөөрүнө карап адамды добуш берүү укугунан ажыратуу же абакка камоого болбойт», — деп жазылган ал билдирүүдө.

Кыргызстандын парламенти көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлордун нормалары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына дал келээрин жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин бузбай тургандыгын билдирип, элчиликтин билдирүүсү боюнча 14-октябрда түшүндүрмө берген.

«Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда Улуу Британия, АКШ (8 штаты), Орусия, Молдова, Литва, Латвия сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн эл аралык тажрыйбалары эске алынган. «Адамдар дүйнөнүн бардык жеринде эркиндик шартында жашоого татыктуу. Анын ким экендиги же кимди сүйөөрүнө карап адамды добуш берүү укугунан ажыратуу же абакка камоого болбойт» деген тезистин көрсөтүлгөн документтердин долбоорлоруна тиешеси жок», — деп жазылган Жогорку Кеңештин сайтында.

«Гейлерге каршы» мыйзам талкууланып жаткан кезде эле дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүлүн бурган.

Алсак, 13-октябрда «Нью-Йорк Таймс» гезити мыйзам долбоорун, аны катаалдатууну колдоп кыргыз парламентинин өкмөттүк фракциялары менен бирге оппозициялык фракциялары да добуш бергендигин жазган.

Дүйнөдөгү эң популярдуу онлайн-ресурстардын бири болуп эсептелген BuzzFeed депутат Дыйканбаевдин мыйзам долбоору менен жакында эле Орусияда кабыл алынган ага окшогон мыйзамдын байланышын белгилеген.

«Басмырлоочу» мыйзам долбоор

Мыйзам долбоору эгер «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу жакшы пикир калыптандырылса ал адамды бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын сунуштайт.

Акт Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

Укук коргоо тармагындагылар бул мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап келишет.

«Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырган.

«Эгер парламенттин чынында эле балдарды коргогусу келсе, анда көптөгөн эл аралык инстанциялар тарабынан начар деп табылган көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долбоорлорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушсун», — деген Кирей Kloop.kgге берген 12-марттагы маегинде ушуга окшош Орусияда кабыл алынган мыйзамдарды мисал келтирип.

Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбиян, гей жана трансгендерлерди (ЛГБТ) зомбулуктардан (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан жасалган) коргошу керек деп эсептейт.

«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл бурулушу керек», — деп билдирген ал.

Тема боюнча: Парламент «гейлерге каршы» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды [+видео]

Тема боюнча: «Гейлерге каршы» мыйзамдын автору өкмөттү ЛГБТнын укуктарын коргоп жатат деп айыптады