15-январда Европалык парламенттин депутаттары «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жагымдуу пикир калыптандыруу» мыйзам долбоору боюнча резолюция кабыл алып, кыргыз кесиптештерине документти чакырып алууну сунушташты.

Европарламенттин пресс-релизинде мыйзам долбоордун Кыргызстанда кабыл алынуу ыктымалдыгы «республиканын Европа биримдиги менен болгон мамилесине таасирин тийгизиши мүмкүндүгү» жазылган.

«Европалык парламенттин мүчөлөрү мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ыктымалдыгына тынчсызданып жаткандыгын билдирүү менен аны чакырып алууга чакырышат. Алар сексуалдык ориентация менен гендердик иденттүүлүктүн эл аралык укук тарабынан кепилденген жеке жашоонун кол тийбестигине болгон адам укуктары тармагындагы маселе болуп саналарын бир нече жолу билдиришкен», — деп жазылган билдирүүдө.

Резолюциянын текстинде Европарламенттин депутаттары кыргыз кесиптештерин «салттуу эмес байланыштарды пропагандалоого каршы» мыйзам долбоорун чакырып алууга чакырышкан.

«Европалык парламент […] бул мыйзам долбоорунун каралышына жана катаал, адамгерчиликсиз, кемсинткен мамилелерге алып барышы мүмкүн болгон бардык аракеттерге терең өкүнүп, бардык өлкөлөрдү гомосексуалдуулукту кылмыш катары кароону тез арада токтотууга чакырат», — деп жазылган резолюциянын болжолдуу текстинде.

«Гейлерге каршы» мыйзам долбоорун активдүү колдоп келген Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу кыргыз документинин Европарламенттин  жыйынында каралып жатышына нааразычылыгын билдирген.

«Батыш Европага өз бейөкмөт уюмдары аркылуу кыргыз коомчулугун бузуп жаткандыгы аз келгенсип эми биздин өлкөнүн ички иштерине түздөн-түз кийлигише баштадыбы?!» — деп жазган Бакир уулу.

«АКИпресс» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, депутаттар мыйзам долбоорун чакырып алышпайт.

Мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырышкан

13-январда Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорун кароону Женевадагы Парламенттер аралык биримдиктин эксперттик баасы чыкканга чейин токтото туруу чечимине келишкен.

«Аталган мыйзам долбоору боюнча тез жыйынтык чыгарышыбыз жана анын укуктук жактан кынтыксыз болушу үчүн биз Парламенттер аралык биримдик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деп билдирген депутат Галина Скрипкина мыйзамдуулук боюнча парламентик комитеттин жыйынында.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Курманбек Дыйканбаев мыйзам долбоорунун демилгечилери ВИЧ-Спид көйгөйлөрү менен алектенген эл аралык уюмдардын, чет элдик элчиликтердин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушкандыгын билдирген.

«Биз алардын мыйзам демократия менен адам укуктарына таасирин тийгизет деген тынчсызданууларынын бардыгын тең эске алдык. Бул мыйзам долбоору менен Кыргызстан кол койгон эл аралык конвенцияларды чектегибиз келбей эле. Анда салтуу үй-бүлөлөрдүн укуктары да так жазылган. А биздин мыйзам долбоор болсо салттуу үй-бүлөнү коргоого багытталган», — деп билдирген Дыйканбаев 13-январда.

«Басмырлоочу» мыйзам долбоор

«Гейлерге каршы» мыйзам долбоору 2014-жылдын жазында демилгеленген. Документке ылайык, анда «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата «жагымдуу пикир жаратуу» үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталууда.

Эгер «жакшы пикир» жаш балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу калыптандырыла турган болсо, анда ал үчүн бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн.

Бирок мыйзам долбоорунун текстинде да, ага карата жазылган түшүндүрмөдө да «салттуу эмес сексуалдык мамилелердин» эмне экендигине так аныктама берилген эмес. Документтин авторлору да аны так аныктама менен түшүндүрүп бере алышкан жок.

Гомосексуалдуулук Кыргызстанда 1990-жылдардын аягынан бери кылмыш катары эсептелбейт.

Акт Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

2014-жылдын октябрында Бириккен Улуттар Уюму кыргыз парламентинин депутаттарын мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да мыйзам долбоору «адам укуктарына, демократиялык жетишкендиктерге жана Кыргызстандын конституциялык кепилдиктерине фундаменталдуу коркунуч» жарата тургандыгын билдирип, анын кабыл алынышына каршы чыккан.

Укук коргоо тармагында «салтуу эмес байланыштарды пропагандалоого каршы» мыйзам долбоорун «басмырлоочу» мыйзам долбоору деп атап келишет.

«Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырган.

«Эгер парламенттин чынында эле балдарды коргогусу келсе, анда көптөгөн эл аралык инстанциялар тарабынан начар деп табылган көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долбоорлорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушсун», — деген Кирей Kloop.kgге берген өткөн жылдын 12-мартындагы маегинде Орусияда кабыл алынган ушуга окшош мыйзамдарды мисал келтирип.

Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбиян, гей жана трансгендерлерди (ЛГБТ) зомбулуктардан (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан жасалган) коргошу керек деп эсептейт.

«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл бурулушу керек», — деп билдирген ал.

Өз кезегинде мыйзам долбоорунун авторлору документтин «салттуу баалуулуктар» менен «салтуу үй-бүлөлөрдү» коргоого багытталгандыгына ишендирип жатышат.