Журналист Булат Сатаркулов өз үйүнүн жанында 24-январда сабалган. Бул окуя ал оппозициялык саясатчыны Кыргызстандан чыгарбай коюшкандыгы тууралуу видео тарткандан кийин болгон. Бирок Сатаркуловдун өзү кол салууну сюжети менен түздөн-түз байланыштырбай эле.

 

Сатаркулов өз үйүнүн алдында 24-январда сабалган — ал 23-январдан 24-январга караган түнү АКШга учуу үчүн Алматыга бара жаткан оппозиционер Адил Турдукуловду чек арадан өткөрбөй койгондуктары жөнүндө сюжет тарткан.

«Биз ал жакка барып материл тарттык да шаарга келдик. Таңкы саат бештерде үй-үйлөрүбүзгө тарадык. Үйүмө 150 метрдей калганда мени унаадан түшүрүп коюуларын өтүнгөм», — деди ал.

Ал үйүнө жакындап калганда белгисиз адамдар ага кол салышып, жанындагы бардык техниканы алып кетишкен, бирок паспорту менен батиринин ачкычына тийишкен эмес.

«Мага кимдин жана кантип кол салгандыктарын айта албайм. Акыркы эсимде калганы — мени бетке урушканы», — деди Сатаркулов.

Анын айтымында, кол салгандар аны бир нече жолу кабыргага урушкан — учурда Сатаркулов дем алууда бир аз кыйналып жатат.

Журналист Булат Сатаркулов өзүнүн иликтөөчү ишмердүүлүгү менен белгилүү — ал Токтогул өнүктүрүү корундагы коррупция жана Ысык-Көл облусундагы экологиялык көйгөйлөр тууралуу сюжеттерди тарткан.

Сатаркулов иштеп жаткан акыркы тема — Бишкектеги муниципалдык менчиктерди бөлүштүрүүдөгү коррупциялык схемалар.

«Мен кол салууну Адил Турдукуловго түздөн-түз байланыштыргым келбейт. Азыр ага пиар болуп жатат. Жалгыз гана ошону өткөрбөй коюшту. Мунун кимге пайда болушу мүмкүндүгүн билбейм. Менин «досторум» көп», — деди ал.

Сатаркулов бул боюнча милицияга арыз жазды — Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы журналистти сабоо фактысы боюнча тергөө иштерин баштады.