Кыргыз драмалык театры 2015-жылды Фридрих Дюрренматтын «Карыган айымдын визити» спектакли менен баштады — бул швейцариялык драматургдун кыргыз тилине которулган алгачкы пьесасы.

Азыркы коомдогу пайданы гана көздөө жана керт башынын камын ойлоо көйгөйлөрүн шылдыңга алган «Карыган айымдын визити» спектакли Кыргыз дармалык театрынын сахнасында коюлуп баштады. Бул швейцариялык прозаик жана публицист Фридрих Дюрренматтын кыргыз тилинде коюлган алгачкы пьесасы. Чыгарманын түп нускасы 1956-жылы жазылган.

Коюучу-режиссер Шамил Дыйканбаев Kloop.kgге берген маегинде спектакль адамдарды азыркы коомдогу жеке пайданы гана көздөө жана керт башын ойлоо көйгөйлөрү тууралуу ойлонтушу керектигин билдирди. Анын айтымында, спектаклдин максаты — акча адамды кантип жаман жакты көздөй буза тургандыгын көрсөтүү.

Пьесада XX кылымдын 50-жылдары швейцариялык Гюллен шаарчасында болгон окуя көрсөтүлөт.

Шаардын жашоочусу Клара Цаханассьян Гюлленге кайтып келет да жаш кезинде баласынан баш тартып, аны таштап кеткен мурунку сүйгөнү Альфред Илланы өлтүрсөңөр миллиарддаган сумма берем деп жергиликтүүлөргө сунуш киргизет. Алгач гюллендиктер ал сунуштан баш тартышат, бирок шаардагы экономикалык каатчылык аларды ойлонулбаган аракеттерге барууга түртөт.

Цаханассьяндын ролун аткарган эл артисти Гүлайым Каниметова Kloop.kgге берген маегинде анын каарманы «бир эле кишиге болгон жек көрүүчүлүк жана сүйүү сезимдеринен азап тарта» тургандыгын билдирди.

«Бул роль менин буга чейинки аткарган ролдорум — Курманжан Даткага да, Өларман энеге да окшобойт. Бул жөнөкөй гана аялдык бакытты каалаган сүйгөн аялдын тагдыры. Анын жашоосу башкача болуп чыккандан кийинки сүйгөн аялдын өч алуусу», — деди Каниметова.

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев спектакль тууралуу жакшы пикирин билдирүү менен андагы көп сөздүүлүккө канааттанбай калгандыгын айтты. Анын пикиринде, спектаклде сөз аз болушу керек, анткени ал заманбап театрда негизги ролду ойнойт.