Президент Алмазбек Атамбаев жол эрежелерин бузуу үчүн жаңы жазалар тууралуу мыйзам долбооруна кол койду. Жаңы эрежелердин арасында беш унаадан ашкан үйлөнүү той кортеждери үчүн айып киргизүү бар.

Өлкө башчысы мыйзам долбооруна 18-февралда кол койду, а парламентте ал 14-январда жактырылган. Мыйзамга ылайык, Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске «автобейбашчылык» деген жаңы берене киргизилет.

Мыйзамда «автобейбашчылык» «унаа каражаттарынын айдоочуларынын же унаанын ичиндеги адамдардын жол коопсуздук эрежелерин бузуу менен коштолгон, коомду сыйлабаган, жарандардын тынчтыгын жана коомдук тартипти буза турган атайылап жасаган аракеттери» деп түшүндүрүлгөн.

«Автобейбашчылыкка» мисал катары беш унаадан ашкан автожарышуулар менен үйлөнүү той кортеждери келтирилген.

Үйлөнүү тойлор үчүн унааларды киреге берүү менен алектенген Максим Kloop.kgге берген маегинде мыйзам «салтанаттарды майрамдоого тоскоолдук» жаратышы мүмкүн экендигин айтты.

«Коноктор көп келген учурлар болот. Алардын бардыгы беш унаага батпай калышы мүмкүн. Элестетсеңер, досуңардын тоюна келдиңер дейли, анан силер шаарды аралап жөө же такси менен жүрө албайсыңар да», — деди ал.

Анын айтымында, негизинен коомдук тартипти кортеждин артынан өз унаалары менен жүргөн мас меймандар бузушат.

«Бардыгы тең шаарда жүргөн адамдарга көз каранды. Ичип алган коноктор рулга отуруп, эрежелерди бузушат», — деди Максим.

Кыргызстанда үйлөнүү той кортеждери жол кырсыктарынын же милиция кызматкерлери менен болгон чырлашуулардын катышуучулары болгон учурлар көп эле кездешет.

Мисалы, 2013-жылдын октябрынын башында милиция кызматкерлеринин үйлөнүү той кортежин токтотуу талабынан кийин тойдун коноктору укук коргоо органдары менен мушташ баштагандыктары видеого тартылып алынган.

Аны менен катар жалпысынан Кыргызстандагы жашоонун төмөнкү деңгээлине карабастан көп каражат жумшалган үйлөнүү тойлор аймактарда да сейрек учуроочу көрүнүш эмес.

Мындай үйлөнүү тойлордун бири 2014-жылдын августунун аягында Жалал-Абадда болгон — анда борбордук көчө аркылуу жети джип жана бир лимузинден турган кортеж өткөн.