Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) ректору Ашыралы Зурдинов Kloop.kgнин кабарчыларына «Азаттыктын» журналисттери менен болгон чыр жана окуу жайга студенттерди кабыл алуудагы «коррупциялык схемалар» тууралуу интервью берди.
Түз көрсөтүү:

«Азаттыктын» журналисттери КММАнын имаратына окуу жайга студенттерди кабыл алуудагы коррупциялык схемалар тууралуу сюжет тартуу үчүн 17-февраль күнү кечке жакын барышкан. «Азаттык» өз сайтына жайгаштырган видеого ылайык, КММАнын кызматкерлери журналисттер менен жаакташып, андан соң аларды имараттын сыртына күч колдонуп чыгарышкан.

«Окуу жайдын аппарат жетекчиси менен кызматкерлери кабарчыларга тоскоолдук кылышып, камераны тартып алууга аракет кылышкан. Андан соң күч колдонуп, окуу жайдан сыртка чыгарышкан. Бул арада окуу жайдын кызматкерлеринин бири операторду бир нече жолу бөйрөккө муштап, кабарчыны да уруп-сабоого аракет кылган», — деп жазды «Азаттык» окуя тууралуу.

Билим берүү министри Эльвира Сариева премьер-министрден МАнын ректору Ашыралы Зурдиновго карата катуу сөгүш жарыялоого санкция сурады.

«Азаттыктын» мурунку кызматкери, президенттин учурдагы басма сөз катчысы Жанар Акаев «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына мындай окуялар өлкөдөгү сөз эркиндигине көлөкө түшүрүшү мүмкүндүгүн жазды.

«Маалымат алуу үчүн барган журналисттерге Билим берүү мекемесинде ыдык көрсөтүлүп, күч колдонулушу өтө олдоксон көрүнүш, өкмөт буга чара көрүшү зарыл. Кыргызстанда мамлекеттик органдардын ишинде ачык-айкындуулук камсыздалып, журналисттерге маалымат алуу мүмкүнчүлүгү толук түзүлгөн шартта, мындай окуялар өлкөдөгү сөз эркиндигине көлөкө түшүрүшү толук мүмкүн», – деп жазды ал.

НТС телеканалынын журналисти Адилет Бектурсунов медакадемиядагы коррупция тууралуу сюжет даярдаган.

«Булар силер менен бизди, биздин балдарыбызды дарылай турган дарыгерлер. Менин мына ушундай начар, ата-энесинин каалоосу менен  окуу жайлардагы орундарды сатып алган адистердин колуна түшкүм келбейт. Жалпы эле окуу жайлардагы билим берүүнүн деңгээли, кимди, эмнеге окутуп жаткандыктары кыжырымды келтирет. Коммерциялык окуу жайлардын билимге сугарылбаган дипломдорун сатып, бизнес менен гана алектенип жатышы абдан кыжырымды келтирет. Билим берүү министрлигиндеги чиновниктердин бул көйгөйлөргө кош көңүл мамиле кылып жаткандыктары кыжырымды келтирет», — деп эсептейт Бектурсунов.