Бишкектин Биринчи май райондук соту коррупцияга айыпталып жаткан депутат Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок. Чечим депутаттын узакка созулган чет өлкөдөгү дарылануусунан кийин өткөн соттун алгачкы жыйынында кабыл алынды.

Жыйын 20-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өттү. Мамлекеттик айыптоонун депутатты камакка алуу талабына карабастан судья Келдибековду үй камагында калтыруу чечимин кабыл алды.

Парламентарийге эки гана учурда — ооруканага жана сот процесстерине баруу маалында үйүнөн чыгууга уруксат берилди.

Келдибековдун өзү ага карата тагылган айыптоолор менен тааныша электигин билдирди.

«Мен бул айыптоолорду көргөн, окуган эмесмин, алар менен таанышкан эмесмин. Анда жазылган бир дагы сөздү мойнума албайм», – деди айыпталуучу парламентарий сотто.

Келдибековдун коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров дагы айыптоолор жазылган документтерди көрбөгөндүгүн билдирди. Айтымында, ал маалда Келдибеков катуу оорулуу болгон жана алар иштин материалдары менен тааныша албай калышкан.

Сот айыпталуучу менен жактоочулардын 14 томдон турган кылмыш иши менен таанышуусуна бир апта убакыт берди. Кийинки отурум 3-мартта болот.

Бул акыркы алты айдын ичинде депутатка каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында өткөн соттун биринчи отуруму. Парламентарийдин жактоочусу Татьяна Чильникина ал жактоого алган депутаттын дарылануусу Малайзия менен Түштүк Кореяда өткөндүгүн билдирди. Буга чейин Келдибеков Германияда дарылана тургандыгы айтылып келген.

Келдибеков тергөө абагынан үй камагына 2014-жылдын 1-августунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча чыгарылган.

2013-жылдын ноябрында Акматбек Келдибековго карата салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда кызмат абалын ашыкча пайдаланган деген айып тагылган.

Саясатчы салык чогултуу функциясын «Бизнес өнөктөш» жеке компаниясына мыйзамсыз берген жана «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталууда.

Андан сырткары Акматбек Келдибековго эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деген айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Мурунку башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табыла турган болсо10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирген.