Samsung компаниясы Барселонадагы MWC 2015 технологиялык көргөзмөдө дизайны толугу менен кайрадан иштелип чыккан жаңы Galaxy S6 жана S6 Edge смартфондорун көрсөттү.

Жаңы смартфондорду коомчулукка тааныштырууга бир нече апта калганда эле интернетте Samsungдун Twitter социалдык түйүнүндөгү жарнамалык өнөктүгү менен эки учтуу кыйытмаларды жараткан Galaxy S6 жөнүндөгү ушактар пайда боло баштаган. Үмүт акталды: жаңы смарфондордун бири чынында эле эки тарабынан ийилме экранга ээ.

Бирок өткөн жылы чыгарылган Galaxy S5ке салыштырмалуу башкы өзгөрүү — бул жаңы дизайны. Samsungдун Galaxy линейкасынын тарыхында биринчи жолу пластикалык деталдар жок — S6 менен S6 Edge смартфондорунун тулкулары толугу менен айнектен жана алюминийден жасалган.

galaxys6-1.0

Мүмкүн ачык эмес дизайны үчүн Galaxy S5ке карата айтылган сын-пикирлер компанияны мындай чечкиндүү өзгөртүүлөрдү жасоо кадамына барууга түрткөндүр: Samsungдун өкүлүнүн айтымында, жаңы S6нын материалдары үчүн күч да, акча да аяшкан эмес.

Эми смартфондордун эки тарабы тең айнек капталган тегиз бетке, батарея алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жок бүтүн тулкуга жана microSD эс тутум картасына (бул дагы Galaxyнин тарыхында биринчи жолу) ээ, аны менен катар S6 капталындагы алюминий алкакка, а S6 Edge — смартфондун функционалдуулугун кеңейте турган четтери ийилме дисплейге ээ.

galaxys6-34.0

Смартфондордун техникалык мүнөздөмөлөрү окшош: 5.1-дюймдагы 2560х1440 чекит уруксаты менен AMOLED дисплейи, сегиз ядролу Exynos процессору, 3 гигабайт ыкчам эс тутум, 16-мегапиксель камерасы менен. Ошондой эле манжа издерин тааныгычы жакшыртылган — мурунку S5те манжа издери сүрүлгөн кыймыл боюнча гана таанылып келсе, азыр манжа издерин таанууга жөн гана колду тийгизүү талап кылынат.

Андан сырткары смарфондорго Samsung Pay системасы боюнча төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн NFC-датчик орнотулган. Эске салсак, өткөн жылдын күзүндө Apple компаниясы өзүнүн Apple Pay төлөм жүргүзүү системасын ишке киргизген. Бүгүнкү күнгө карата ал АКШдагы башка байланышсыз системалардын баарынан көп база чогултууга жетишти.

galaxys6-17.0

Galaxy S6 дагы, Galaxy S6 Edge дагы дүйнөлүк сатыкка 10-апрелде чыгарылат, бирок азырынча алардын баасы канча болору белгисиз. Анткен менен компания өкүлдөрү ийилме экрандуу версиясы кымбатыраак боло тургандыгын билдиришти. Сатыкка 32, 64 жана 128 гигабайт эс тутумдагы версиялары коюлат.

Эки смартфон тең Android Lollipopтун акыркы версиясында жеткирилет, аны менен катар анда «самсунгдун» кошулмалары кыйла эле азайган. Ошондой эле телефондордо Microsoft корпорациясынан Skype, OneDrive жана OneNote тиркемелеринен турган атайын тиркемелер пакети бар болору белгилүү болду. S6 менен S6 Edge смартфондонун сатып алуучулары үчүн OneDrive сервисинде 115 гигабайт бош мейкиндик жеткиликтүү болот.

Сүрөттөр The Verge сайтынан алынды.