«Спайс» синтетикалык маңзаты менен натыйжалуу күрөш жазында, Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин башталат, деп билдирди Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат. Милиция азырынча маңзатынын бул түрүн таркатуу фактысын аныктай элек.

Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлү Нуржан Садыралиев Kloop.kgге берген маегинде азырынча Кыргызстандын мыйзамдары укук коргоо органдарынын «спайстардын» таралышына каршы натыйжалуу күрөшүүсүнө мүмкүндүк бербей тургандыгын айтты.

Кыргызстан Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге киргенден кийин маңзатынын таралышын көзөмөлдөө боюнча мыйзамдар биримдиктин талаптарына ылайыкташтырылып өзгөртүлөт.

Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын өкүлүнүн айтымында, бул курамы дайыма өзгөрүп турган «спайстын» таралышына тыюу салууга мүмкүндүк берет. Азыр заттардын формулаларынын өзгөрүп турушу «спайсты» тыюу салынган каражаттардын тизмесине киргизүүгө мүмкүндүк бербейт.

«Бажы биримдигине киргенден кийин көрөбүз. Азырынча биз бир нерсе пландап жатабыз деп айтууга болбойт. Чараларды киргенден кийин көрүп баштайбыз. Биз алгач бардыгын Бажы биримдигинин талаптарына ылайыкташтырышыбыз керек», — деди Садыралиев.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде азырынча бир дагы «спайс» таратуу фактысы аныктала электигин билдирди. Синтетикалык маңзатынын сатыла тургандыгы жөнүндөгү жарыялар Бишкектеги имараттардын дубалдарында февралдын аягында пайда болгон.

«Бүгүнкү күнгө карата бир дагы «спайстарды» мыйзамсыз сактоо, таратуу, сатуу фактысы катталган жок. Бишкектин көчөлөрүндө жакында пайда болгон жазуулар боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деди ал.

Тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоор

Осмонбаев учурда «спайска» тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору иштелип жаткандыгын айтты.

«Бизде «спайсты» маңзаттарынын тизмесине киргизүү боюнча мыйзам иштелип чыгууда. Азырынча мыйзамдын үстүнөн иштеп жатышат. Аны менен Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат алектениши керек. Менин оюмча, мыйзам долбоору жакында даяр болот», — деди ал.

Видео: Kloop.kgнин кабарчылары кантип «спайс» издешкен:

«Спайстарды» талкуулоо интернеттин кыргыз бөлүгүндө  Kloop.kgнин Бишкекте маңзатынын таратылып жаткандыгы жөнүндөгү материалынан кийин кызуу талкууланып баштаган. Жаңылыкка Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Алимбай Султанов реакция жасап, маселени парламентте көтөрүп чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу жаңылыктарга карата жазган билдирүүсүндө «спайстарга» тыюу сала турган мыйзам долбоорун демилгелегендигин жазды. Азырынча парламентарийдин өзү менен байланыша алган жокпуз.

«Спайстарга» тыюу сала турган мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп бүттүм, ал парламент төрагасынын атына жөнөтүлдү. Мыйзам андан профилдик комитетке жөнөтүлөт», — деп жазды ал.

«Азыртадан чараларды көрүү зарыл»

Маңзат саясаты боюнча борбор азиялык борбордун башчысы Александр Зеличенко Kloop.kgге берген маегинде «спайс» героинге караганда тез көз карандуулукка алып бара тургандыгын айтты.

«Спайстар» тез аранын ичинде таасир этет. Опиаттарга караганда ал дээрлик дароо эле саламаттыкка сокку уруп баштайт, ал өтө тездик менен мээнин клеткаларын өлтүрүп, адамдын ички органдарына таасир этет. Биринчи кезекте ал боорго өтө каттуу сокку урат», — деди ал.

Зеличенко «спайстардын» курамынын өзгөрүп турушу — бийлик тарабынан тыюу салуудагы эң башкы көйгөй экенин айтты.

«[Маңзатын көзөмөлдөө боюнча мамлекттик кызмат] алардан озуп көзөмөлдөп, иштей албайт. Алар дайыма бизден (Кыргызстандан) бир кадамга эмес, а жарым жылга озуп кетип жатышат. Орусияда айласын таба алышты, алар күрөшүп отуруп Маңзатын көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызмат ыкчам аракет этип, ал тизмелерге тез-тез өзгөртүүлөрдү киргизип турат деген чечимге келишти», — деди ал.

Моссоветтеги «жарыя».
Моссоветтеги «жарыя».

Орусиялык «The Village» интернет-сайты 2014-жылдын октябрында Европа өлкөлөрү да 2000-жылдары ушундай көйгөйгө туш болгондуктарын жазган: жооптуу кызматтар «спайстардын» бир формуласына тыюу салганча, тыюу салынган ал заттын ордуна рынокто ондогон жаңы заттар пайда болуп турган.

«Кайсыл бир затты маңзаттык жана психоактивдүү заттардын тизмесине киргизүү үчүн алгач көп убакытка чейин анын аракетин текшерүү керек, андан соң тыюу салына турган формуланы аныктап чыгуу зарыл. Бирок ал убакыттын ичинде кытай химиктери ал формуланы бир аз өзгөртүүгө жетишишет да текчелерде таасири окшош жана алдын ала эч ким айта албаган кесепеттери менен жаңы «спайстар» пайда болуп турат», — деп жазган «The Village».

Зеличенко Кыргызстанда таратылып башталган «спайстар» Кытайдан алынып келинет деп эсептейт.

«Негизинен ал кошулмалар Кытайдан келет. Башында эле коңгуроо кагып, көзөмөлгө алып баштоо керек болчу. Менин оюмча, азыр аларды бул жакка даяр түрүндө алып келип жатышат, анткени мында андайларды жасагандыктары жөнүндө уга элекмин», — деди ал.

Автор: Аида Калил