Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын башчысынын кеңешчиси Kloop.kgнин эфиринде бийлик синтетикалык чегүүчү кошулма болуп эсептелген «спайстын» таралышы менен кантип күрөшүп жаткандыгы тууралуу айтып берди.

«Спайс» сатыла тургандыгы жөнүндөгү жарыялар Бишкектин имараттарынын дубалдарында үстүбүздөгү жылдын февралынын аягында пайда боло баштаган. Kloop.kg ал маңзатынын борбордо таратылып жаткандыгы тууралуу материал чыгарган. Ал жаңылык маселеге Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат менен парламент депутаттарынын көңүлүн бурган.

Эфирдин коноктору:

  • Тимур Исаков, Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын башчысынын кеңешчиси;
  • Александр Зеличенко, маңзатына каршы күрөшүү боюнча эксперт.

Түз көрсөтүү:

Тексттик хроника:

15:43 Зеличенко«спайс» Орусияда тарап баштаганда эле  Кыргызстан ага каршы күрөшүү боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүп башташы керек болчу деп эсептейт.

15:38 Исаков оңой жеткиликтүү болгон жана «спайстан» коркунучтуу көп заттар бар экенин айтты — мисалы, бензин же клей.

«Күн сайын жаңы психотроптук зат пайда болушу мүмкүн. Көрүүчүлөргө суроо, жалпысынан канча баңгизаты бар? Мына мынча — 92 миллиондон ашык. Урматтуу көрүүчүлөр, ар бир секунд сайын жаңы заттар катталып турат», — деди ал.

15:30 Зеличенко азырынча «спайс эпидемиясы» жок экенин, бирок маселеге дал азыртан баштап көңүл буруу керектигин айтты.

«Спайстар» өтө олуттуу коркунуч жаратат. «Спайстар» мээни өлтүрөт. Эки-үч жолу колдонгондон кийин психоз, шизофренияны жаратат. Боор менен бөйрөктөргө таасир этет. Анын таралышына жол берүү мүмкүн эмес, бербеш дагы керек. Мен алардан озуп иш кылууну сунуштаар элем», — деди эксперт.

15:23 «Эң башкысы — биз эки эмес, а бир кадам артта калгыдай кылышыбыз керек. Адамдын ал затка көнүп кетүүсү, ага коркунуч жаратуусу далилденмейинче эч кандай чечим болушу мүмкүн эмес», – деди Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын өкүлү.

15:21 «Кайсыл бир затты маңзаттардын тизмесине киргизүү үчүн бир нече фактор болушу керек: көз карандуулук, социалдык терс кесепеттер, документтерге юридикалык киргизүү», – деди Исаков.

15:15 Исаков синтетикалык маңзаттардын таралышы – дүйнөлүк көйгөй экенин жана ал Кыргызстанга гана тиешелүү эместигин айтты.

«Биз Европада, Орусияда болгон абалга байкоо салып келгенбиз. Даярдануу иштерин өткөргөнбүз. Жөнөкөй адамдар үчүн тизмеге киргизип коюу өтө жөнөкөй эле иш сыяктанат», – деди ал.

14:45 Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу көрүүчүлөр жана окурмандар. Түз көрсөтүү саат 15:15ке белгиленген. Эфирдин коноктору  – Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын башчысынын кеңешчиси Тимур Исаков менен эксперт Александр Зеличенко болушат.

Контекст: «спайс» Бишкекте

Февралдын аягында Бишкектеги имараттардын дубалдарында синтетикалык чегүүчү кошулмалар — «спайстарды» сатуу жөнүндөгү жарыялар пайда болгон. Анда: «Спайс. Skype: [сервистеги профиль]» же «Спайс. Сынап көрүү үчүн бекер үлгүлөрүн таратам. Skype: [профиль]», деп жазылган.

Kloop.kgнин редакциясы Бишкектеги төрт жарыя тууралуу билет: борбордук Ала-Тоо аянтында, Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен алыс эмес жерде, Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жана «Дастан» заводунун жанында.

Kloop.kgнин кабарчысы «Скайп» тиркемеси аркылуу маңзатын саткан ортомчу менен байланышкан. Ортомчу сатуучунун профилинде маңзаттарынын баасы көрсөтүлгөн: «Нирвана («спайстын» түрлөрүнүн бири): 1 грамм — 1000 сом, 5 грамм — 3000 сом».

Таркатуучунун айтымында, «спайсты» Европадан алып келишет. Товар үчүн төлөмдү банкомат аркылуу «Яндекс. Деньги» сервисинин электрондук капчыгына жөнөтүүгө мүмкүн.

Kloop.kgнин кабарчысы «спайсты» алуу үчүн кантип барган:

Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлү Kloop.kgге Кыргызстан Бажы биримдигине киргенге чейин учурдагы мыйзамдар «спайстар» менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк бербей тургандыгын билдирген.

Мекеменин маалыматы боюнча, «спайстын» өзү Кыргызстанда тыюу салынган заттардын тизмесине кирбейт. Бирок эгер анын курамында тыюу салынган заттар бар болсо кошулманын өзүнө тыюу салынат.

Маңзат саясаты боюнча борбор азиялык борбордун башчысы Александр Зеличенко Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде «спайс» героинге караганда тез көз карандуулукка алып бара тургандыгын айткан.

«Спайстар» тез аранын ичинде таасир этет. Опиаттарга караганда ал дээрлик дароо эле саламаттыкка сокку уруп баштайт, ал өтө тездик менен мээнин клеткаларын өлтүрүп, адамдын ички органдарына таасир этет. Биринчи кезекте ал боорго өтө каттуу сокку урат», — деген ал.