Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери чегүүчү «спайс» кошулмаларын таратып жүргөндөрдүн бирин кармашты. Биринчи май РИИБсинин башчысы Нурмат Давлетов кармалган адамды «тергөө иш-чараларынан кийин бошото тургандыктарын» билдирди.

Кармалган адамдын сурак берүүсү:

Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгы Биринчи май райондук ИИБсинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери 11-мартта 41 жаштагы А. Евгений атуу жаранды кармап, анын жанынан «жашыл түстөгү өсүмдүк жалбырактарына окшогон зат» оролгон таңгак тапкандыктарын билдирди.

«Анын [А.Евгенийдин] айткандары боюнча, ал заттар «спайс» кошулмалары. […] А. Евгений каттоосу Бишкекте экенин айтып түшүндүрдү, бирок көрсөтүлгөн дарек боюнча жашабайт экен. Учурда ал таанышы менен бирге ижарага алынган батирде жашайт, жогоруда көрсөтүлгөн заттарды да ошол батирде сакташат», — деп жазылган Бишкек ШИИБсинин билдирүүсүндө.

2015-жылдын февралында Бишкектиге имараттардын дубалдарында «спайс» сатыла тургандыгы жөнүндөгү жарыялар пайда боло баштаган —  «спайс» дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө тыюу салынган синтетикалык чегүүчү кошулма. Тыюу салынган өлкөлөрдүн арасында АКШ, Орусия жана Европанын бир катар өлкөлөрү бар.

ШИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, А. Евгений менен анын П. Александр аттуу таанышы «спайсты» биринчи жолу Казакстандан 2015-жылдын январынын аягында алып келишкен.

«Александр келип Евгенийге чегүүчү кошулманы даярдоо процессин көрсөтүп, ал затты сатуу схемасын түшүндүрүп берген», — деп билдиришти тергөөчүлөр.

ШИИБден январдын аягынан бери таркатуучулар 50 грамм «спайс» саткандыктарын кошумчалашты.

vb.kg жаңылыктар сайты А. Евгенийдин сурак берип жаткандыгы тартылган видео жарыялады — анда ал бул аралыкта 60 граммга жакын чегүүчү кошулма тараткандыктарын билдирген.

Видеодо А. Евгений «спайстын» таасири тууралуу билбегендигин айткан.

АКИпресс маалымат агенттиги Биринчи май райондук ИИБсинин башчысы Нурмат Давлетовго шилтеме жасоо менен тергөөчүлөр «экинчи «спайс» таратуучунун кайсыл жакта экендигин аныктап жаткандыктарын» билдирди.

«Биз дагы бир нече тергөө иш-чараларын өткөргөндөн кийин Евгенийди бошотобуз, анткени мыйзам боюнча биз аны кармап туруу укугуна ээ эмеспиз», — деп жазган АКИпресс Давлетовдун айткандарын.

Күрөш Бажы биримдигине киргенден кийин башталат

Интернеттин кыргыз сегментинде «спайсты» талкуулоо Kloop.kg сайтына жарыяланган макаладан кийин башталган.

Тема боюнча: Бишкекте «спайс» маңзатын интернет аркылуу сата башташты

Бирок Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат синтетикалык чегүүчү кошулмалардын таралышы менен күрөшү өлкө Бажы биримдигине киргенден кийин гана баштала тургандыгын билдирген.

«Бажы биримдигине киргенден кийин көрөбүз. Азырынча биз бир нерсе пландап жатабыз деп айтууга болбойт. Чараларды киргенден кийин көрүп баштайбыз. Биз алгач бардыгын Бажы биримдигинин талаптарына ылайыкташтырышыбыз керек», — деген Садыралиев.

Анда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев «спайска» тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору иштелип жаткандыгын билдирген.

«Бизде «спайсты» маңзаттарынын тизмесине киргизүү боюнча мыйзам иштелип чыгууда. Азырынча мыйзамдын үстүнөн иштеп жатышат. Аны менен Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат алектениши керек. Менин оюмча, мыйзам долбоору жакында даяр болот», — деген Осмонбаев.

Тема боюнча: Баңгизатын көзөмөлдөө кызматы «спайстын» таралышы менен кантип күрөшөт?

Мыйзам долбоору тууралуу депутат Турсунбай Бакир уулу дагы билдирген — ал Kloop.kgнин макаласынын төмөн жагына пикирин калтырып, документ парламенттин төрагасынын кароосуна киргизилгендигин жазган.

«Спайстарга» тыюу сала турган мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп бүттүм, ал парламент төрагасынын атына жөнөтүлдү. Мыйзам андан профилдик комитетке жөнөтүлөт», — деп жазган Бакир уулу.

«Азыртадан чараларды көрүү зарыл»

Маңзат саясаты боюнча борбор азиялык борбордун башчысы Александр Зеличенко Kloop.kgге берген маегинде «спайс» героинге караганда тез көз карандуулукка алып бара тургандыгын айтты.

«Спайстар» тез аранын ичинде таасир этет. Опиаттарга караганда ал дээрлик дароо эле саламаттыкка сокку уруп баштайт, ал өтө тездик менен мээнин клеткаларын өлтүрүп, адамдын ички органдарына таасир этет. Биринчи кезекте ал боорго өтө каттуу сокку урат», — деди ал.

Зеличенко «спайстардын» курамынын өзгөрүп турушу — бийлик тарабынан тыюу салуудагы эң башкы көйгөй экенин айтты.

«Биз алардан озуп көзөмөлдөп, иштей албайбыз. Алар дайыма бизден бир кадамга эмес, а жарым жылга озуп кетип жатышат. Орусияда айласын таба алышты, алар күрөшүп отуруп Маңзатын көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызмат ыкчам аракет этип, ал тизмелерге тез-тез өзгөртүүлөрдү киргизип турат деген чечимге келишти», — деп билдирген ал.

Орусиялык «The Village» интернет-сайты 2014-жылдын октябрында Европа өлкөлөрү да 2000-жылдары ушундай көйгөйгө туш болгондуктарын жазган: жооптуу кызматтар «спайстардын» бир формуласына тыюу салганча, тыюу салынган ал заттын ордуна рынокто ондогон жаңы заттар пайда болуп турган.

«Кайсыл бир затты маңзаттык жана психоактивдүү заттардын тизмесине киргизүү үчүн алгач көп убакытка чейин анын аракетин текшерүү керек, андан соң тыюу салына турган формуланы аныктап чыгуу зарыл. Бирок ал убакыттын ичинде кытай химиктери ал формуланы бир аз өзгөртүүгө жетишишет да текчелерде таасири окшош жана алдын ала эч ким айта албаган кесепеттери менен жаңы «спайстар» пайда болуп турат», — деп жазган «The Village».

Зеличенко Кыргызстанда таратылып башталган «спайстар» Кытайдан алынып келинет деп эсептейт.

«Негизинен ал кошулмалар Кытайдан келет. Башында эле коңгуроо кагып, көзөмөлгө алып баштоо керек болчу. Менин оюмча, азыр аларды бул жакка даяр түрүндө алып келип жатышат, анткени мында андайларды жасагандыктары жөнүндө уга элекмин», — деген ал.