Светлодарск шаары менен Мироновский кыштагы Донецк облусунда жайгашкан, учурда Украинанын көзөмөлүндө. 15 чакырым алыстыкта Дебальцево шаары үчүн салгылашуулар башталганга чейин алар өз облусунун аймагында да дээрлик белгисиз болушкан.

Баяндоо Бектур Искендердин атынан жүрөт

Светлодарск менен Мироновский февралдан тарта, качан калктуу конуштарга снаряддар түшүп баштаганда жаңылыктарда көп айтыла баштаган.

Алардан болгону 15 чакырым алыстыкта Украина армиясы менен өз алдынча жарыяланган Донецк элдик республикасынын (ДЭР) күчтөрү айыгышкан күрөш жүргүзүп жаткан белгилүү Дебальцево шаары жайгашкан.

Дебальцево көпкө чейин талаш-тартышка түшкөн аймак бойдон калат — шаар Украинанын көзөмөлүндө болгону менен анын айланасындагы аймактын көбү ДЭРдин көзөмөлүндө.

12-февралда кол коюлган жарашуу жөнүндөгү макулдашууларга карабастан ДЭРдин күчтөрү өз чектерин «текшилеп алуу» чечимине келишкен. Дебальцевону бардык тарабынан курчоого алып, 500 жергиликтүү тургун каза болгон 18-февралдагы кагылышуулардан кийин алар украин армиясын ал жактан кетүүгө аргасыз кылышкан.

Украин аскерлери Дебальцеводон чыгып кетишкенден кийин Светлодарск менен Мироновский фронттук тилкеге айланышкан. Эки калктуу конуш тең Дебальцеводогу согуштарда зыянга учурашкан.

Бүгүн Светлодарскка бара турган жол ээн. Негизинен жолдо мына мындай гана транспорт түрлөрүн көрүүгө болот:

svitlodarsk_1236-001

Артёмовсктан Светлодарскка чейинки жолдо украин блок-посттору турат, бирок аларды сүрөткө тартууга катуу тыюу салынган. Ошентсе да аскер кызматкерлери бактардын фонундагы сүрөттөргө каршы эмес:

svitlodarsk_1238-001

svitlodarsk_1237-001

Жардырууга кабылган көпүрөө өз алдынча колго калыбына келтирилген, бирок аскер техникаларынын салмагына туруштук бериши керек:

svitlodarsk_1239-001

Светлодарсктын айланасында согуштук аракеттердин белгилери аз эмес:

svitlodarsk_1240-001

Кагылышууларга чейин болгону 12 миң киши жашаган Светлодарсктын өзү болсо электр станциясы менен көбүрөөк белгилүү болгон:

svitlodarsk_1241-001

Бүгүнкү күндө шаар Украинанын көзөмөлүндө, бирок өткөн жылы бир канча убакыт ДЭРдин күчтөрүнүн да көзөмөлүндө болгон.

Өткөн жылдын жайында Украина өз көзөмөлүн калыбына келтирген шаарларда дароо эле көптөгөн украин желектери пайда болгон. Андай жайлардын арасында Лениндин айкели дагы бар:

svitlodarsk_1242-001

ДЭРчилер тарабынан калган белгилер башка түстөргө боелууда:

svitlodarsk_1244-001

Бирок шаардын орусиячыл жашоочуларынын бири украин желеги тартылган ар бир мамыга кызыл түстөгү боек чачып чыгуудан ээринген эмес:

svitlodarsk_1258-001

Светлодарскта ар түрдүү көз караштагы адамдар жашашат. Антонина Прокопьевна Украинаны колдойт жана бизге биринчи кезекте ДЭР тараптан учуп келген снаряддарды көрсөттү:

svitlodarsk_1249-001

Ал бизди Горловка тараптан келген аткылоолордун жыйынтыгында зыянга учураган турак үйдүн короосун көздөй алып жөнөдү — Горловка шаары ДЭР күчтөрүнүн көзөмөлүндө жана дээрлик 6-8 чакырым алыстыкта түштүк-батыш тарапта жайгашкан:

svitlodarsk_1251-001

Антонина Прокопьевнанын бизге айтып берип жаткандары баарына эле жага берген жок. Ал бизди шаар аралатып ээрчитип жүргөн кезде бир нече киши аны калп айып жатасың деп айыпташып, снаряддардын украин тараптан учуп келгендиги тууралуу айтып кыйкырышты.

Мисалы, бул үйдүн түндүк-батыш тарабы зыянга учураган, а түндүк-батыш тарабы Украин аскерлеринин көзөмөлүндөгү аймак:

svitlodarsk_1243-001

Светлодарск ылайыксыз жайгашкандыгынан улам эки тараптан тең учуп келген снаряддардан жапаа чеккен окшойт. Бирок жашоочулардын көбү өз саясий көз караштарына туура келген аткылоолорго басым жасап, ошолор тууралуу гана айтышат:

svitlodarsk_1247-001

Журналисттерге болгон ишеним дагы ушундай эле. Орусиячыл жашоочулар украин маалымат каражаттары кантип «жалган билдирип жаткандыктарын» айтышууда. Алардын пикиринде, Орусиянын ЖМКлары жөн гана өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу «толук айтпай эле». Албетте, Украинаны колдогон жашоочулардын көз караштары таптакыр башкача.

svitlodarsk_1248-001

Шаарда азык-түлүк көйгөйү бар. Бул супермаркет — шаарда азык-түлүк сатып алууга мүмкүн болгон аз жайлардын бири (бирок тосулган фанер тактайлардан улам иштебей жабык тургандай көрүнөт):

svitlodarsk_1245-001

Бүтүндөй шаарга бир гана иштеп жаткан дарыкана, анын дары-дармекке толуп тургандыгы таң калычтуу. Бирок дарыканачылар дары-дармектерди блок-посттор аркылуу жеткирүүдө көйгөйлөр болуп жаткандыгын айтып даттанышууда:

svitlodarsk_1259-001

Февралда Дебальцево үчүн согуш болуп жатканда жашоочулардын көбү Светлодарсктан кетип калышкан. Бүгүнкү күндө салыштырмалуу абал тынч жана кээ бир светлодарсктыктар кайтып келишкен.

svitlodarsk_1246-001

Кай бир учурда шаар тынч, уйкулуу жана чатакты сүйбөгөндөй сыяктанат:

svitlodarsk_1254-001

svitlodarsk_1252-001

Биз съёмка кылып жүргөндө маал-маалы менен жарылуулардын добуштары угулуп турду. Алар алыстан, Дебальцево тараптан угулат, ошондуктан жергиликтүү жашоочулар аларга көңүл деле бурбай калышкан.

svitlodarsk_1250-001

Кайсыл бир учурда биздин көңүлүбүз дайыма болуп туруучу тобокелчиликтерге карабастан ата-энелери сейилдөөгө жиберген жергиликтүү балдарга бурулат:

svitlodarsk_1253-001

Балдар чоңдор сыяктуу сүйлөп башташкан — ата-энелеринин айткандары боюнча кагылышуулардын ар түрдүү версияларын айтып беришти, анан жылмаюу менен жарылуулардын добуштарына көнүп калгандыктарын билдиришет.

Кантип футбол ойной тургандыктары жөнүндө айтып жатышып алар дароо эле эмне себептен балалыкты жоготпоо маанилүү экендиги тууралуу философиялык аңгемелешүүгө өтүп кете алышат:

svitlodarsk_1256-001

Светлодарсктан кетип жатып шаардык көрүстөндүн жанынан өттүк. Анын чегинен мындай кичинекей шаар үчүн кыйла эле көп болгон акыркы кездерде жаңы пайда болгон мүрзөлөрдү көрдүк:

svitlodarsk_1257-001

Мироновский кыштагына кирүү мындан да кыйыныраак.

svitlodarsk_1260-001

Кыштакка бара турган жалгыз жол Луганское айылы аркылуу өтөт. Биз анын кимдин көзөмөлүндө экенин так билген эмеспиз. Ал күнү бизде ДЭРдин аккредитациясы жок болчу, ошондуктан алардын блок-постторуна туш болууну анча каалаган жокпуз.

Бактыга жараша ээн жолдо Луганское айылынын өзүнө бара жаткан украин тез жардам унаасын жолуктуруп калдык.

Бул аймактарда тез жардам унаасынын артынан жүрүү коопсузураак — кантсе да аларга карата чынында ок атпоого аракет кылышат.

svitlodarsk_1261-001

Украин армиясынын көзөмөлүнө өткөн Луганское — өтө эле кичинекей айыл, биз аны болгону бир мүнөткө жетпеген убакытта эле кесип өттүк. Бул жактан Дебальцевого чейин өтө эле жакын:

svitlodarsk_1262-001

Мироновскийдин кире беришинде бизди куралдуу төрт киши токтотту. Фронт тилкесинде согушуп жаткандардын таанып билүү белгилери анчалык даана байкалбагандыктан биз алардын украин аскерлери же ДЭРдин күчтөрү экендигин дароо ажырата алган жокпуз.

Көрсө алар украиндиктер экен, алар бизди күн мурун минометтук аткылоолорго туш болгон кыштакка өткөрүштү.

Жергиликтүү жашоочу негизинен снаряддардын кайсыл тараптан учуп келгендигин көрсөтүүдө:

svitlodarsk_1263

Ал өзүнүн кайсыл тарапты жактай тургандыгын айткысы келген жок, болгону согуш тезирээк бүтөт деген үмүттө экенин билдирди.

Мироновскийдин бүтүн калган имараттары көзгө өтө жылуу көрүнөт:

svitlodarsk_1267-001

Талкаланган имараттар да качандыр бир кездерде жылуу көрүнсө керек:

svitlodarsk_1265-001

Бул — кыштактын так борбору:

svitlodarsk_1266-001

Мироновский Светлодарскка караганда фрон тилкесине жакыныраак болгондуктан бул жакка бир топ эле аз сандагы кишилер кайтып келишкен:

svitlodarsk_1264-001

Донецк облусунун башка көптөгөн шаарларындай эле бул жакта да жашоочулар дубалдарда талашып-тартышуудан чарчашпайт:

svitlodarsk_1268-001

Мироновскийден кайтып келе жаткан жолдо биз таң каларлык нерсени байкадык — көрсө Украина менен ДЭРдин көзөмөлүндөгү аймактардын чектери атайын белгиленип коюлуптур:

svitlodarsk_1269-001

Сериянын уландысы бар...

Kloop.kgнин Украина тууралуу атайын репортаждары:

Март, 2015:

I бөлүк: Киев менен Донецк кантип «Шахтёр» клубуна жан тартышты?
II бөлүк: Константиновкадагы башаламандыктар

Ноябрь, 2014-жыл:

Май 2014-жыл:

I бөлүк: Киев

II бөлүк: Донецк

III бөлүк: Днепропетровск

IV бөлүк: Одесса

V бөлүк: Одессадагы шайлоолордон кийинки митингдер

VI бөлүк: Львов

Февраль 2014-жыл:

I бөлүк

II бөлүк

III бөлүк

Бонустук бөлүк