Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Ички иштер министрлиги «сырткы коркунучтарга» каршы күрөшүү үчүн спортчулардын биримдиги жана «Калыс» кыймылы тарабынан түзүлүп жаткан «жарым-жартылай аскердик уюмга» каршы болушту.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы сырткы жана ички коркунучтардан коргонуп, улуттук коопсуздукту сактоо — бул атайын кызматтар менен милициянын иши экенин билдирди.

18-мартта «Калыс» кыймылы менен спортчу-активисттердин тобу «улуттук коопсуздукка коркунуч жараткандар» менен «алдын алуу иштерин» жүргүзүү үчүн «Эл Намысы» деп аталган «жарым-жартылай аскердик уюмдун» түзүлгөндүгүн билдиришкен. Алар ал «коркунучтардын» төмөнкүлөрүн санап айтып беришкен: «Ислам мамлекети», террористтер, балдарга карата зомбулук көрсөткөндөр жана митингдерди уюштурган бейөкмөт уюмдар.

«УКМК менен ИИМ мындай күмөндүү бирикмелердин бул багытта кандайдыр бир иштерди жүргүзүүсүнө жол бербей тургандыктарын, ошондой эле улуттук жана коомдук коомсуздукту камсыз кылуу үчүн күчтөрдүн жетиштүү экендигин билдиришет», — деп жазылган билдирүүдө.

Басма сөз кызматтын билдирүүсү боюнча, УКМК менен ИИМ «Эл Намысынын» активисттеринин «жардамына эч муктаж эмес».

«УКМК менен ИИМ коомдук тынчтыкты сактоого, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын иштеши үчүн нормалдуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле жарандардын кадыр-баркын, ар-намысын коргоого багытталган иштерди жүргүзүп жатышат», — деп билдиришти укук коргоо органдарынан.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге атайын кызматтагылар менен милициянын биргелешкен билдирүүсү — бул спортчу-активисттерге карата «эскертүү» экенин айтты.

«Эгер алар бул багытта кандайдыр бир иштерди баштай турган болушса аларга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. […] Ар ким өз иши менен алектенүүсү керек. ИИМ менен УКМК дайыма коомдук тартиптин сакталышы жана мамлекеттик укук тартиби үчүн нормалдуу шарттарды түзүүгө багытталган тиешелүү иштер менен алектенип келген. Бул сыяктуу уюмдардын пайда болушу бир топ эле жаман», — деп билдирди Осмонбаев.

УКМКнын басма сөз кызматынан аталган «жарым-жартылай аскердик уюмга» карата кандай чаралар көрүлө тургандыгын тактап айтып беришкен жок.

«Ишмердүүлүгүбүз боюнча макулдашабыз»

«Эл Намысынын» теңтөрагасы Руслан Ниязакунов кыймылдын планында өз ишмердүүлүгүнөн баш тартуу жок экенин айтты — алар ишмердүүлүктөрү боюнча укук коргоо органдары менен макулдашканы жатышат.

«Биз уюмубузду түздүк, анан албетте [демилгелерди көтөрүүбүздү] токтотпойбуз. Биз УКМК жана ИИМ менен макулдашып иштейбиз. Алар менен сөзсүз сүйлөшөбүз», — деп билдирди Ниязакунов Kloop.kgнин кабарчысына.

Осмонбаев милицияда «Эл Намысы» менен кызматташуу караштырылбай эле экендигин айтты.