Украин кагылышуусунун жүрүшүндө январь, февраль айларында эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер курман болушкан. Украин бийлиги курман болгон аскерлеринин сөөктөрүн Донецк элдик республикасынын көзөмөлүндөгү аймактардан алып чыгып кете алышпайт, ошондуктан аны менен ыктыярчы топ алектенүүдө.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Видеодо үрөй учурчу кадрлар бар.

Баяндоо Бектур Искендердин атынан жүрөт

Биз «Элдик эстелик» союзунун ыктыярчыларына Дебальцевого бара жаткан жолдо жолуктук. Бир ай мурун эле бул шаарда айыгышкан күрөш жүрүп, андан соң ал өз алдынча жарыяланган Донецк элдик республикасынын (ДЭР) көзөмөлүнө өткөн.

«Элдик эстелик» – курман болгон украин аскерлеринин сөөктөрүн алып кетүү үчүн мүчөлөрү ДЭРдин көзөмөлүндөгү аймакка кире ала турган жалгыз уюм.

Бул ишти алар ДЭРдин Коргоо министрлиги менен кызматташтыкта аткарышат, ошондуктан алардын эки автоунаадан турган колоннасы эч кандай атайын коштоосуз эле жүрөт.

black-tulip_1293

Украин аскерлери дээрлик жарым жыл көзөмөл кылгандан кийин февралдын ортосунда Дебальцеводон чыгып кеткен унаа жолго келдик.

Артка чегинип бара жаткан маалда украин танктары менен аскердик унаалары ырайымсыз аткылоолорго дуушар болушкан.

black-tulip_1308

black-tulip_1312

Расмий Киев буга ДЭРдин күчтөрүн айыптоодо, а ДЭРчилер өз кезегинде украин аскерлери өзүлөрү тараптан аткылоолорго кабылгандыктарын билдирип жатышат.

black-tulip_1311

2014-жылдын августунан бери «Элдик эстелик» уюму ДЭРдин көзөмөлүндөгү аймактардан дээрлик 200 аскердин сөөгүн алып чыгышкан.

Биз аталган уюмдун ыктыярчыларынын Дебальцевонун тегерегиндеги унаа жолго болгон биринчи сапарындабыз.

black-tulip_1294

Айланада жарылуулардын добуштары угулуп, андан соң асманда кара түтүн пайда болууда. Бирок алар кыйла эле алыс, ошондуктан мындай көрүнүштөргө көнүп калган ыктыярчылар ага көңүл да буруп коюшпайт.

black-tulip_1296

Курман болгон аскерлердин сөөктөрүн издөөдө ыктыярчылар ДЭРдин Коргоо министрлиги менен кызматташтыкта аракеттенишет.

Ошондуктан Дебальцеводо алардын катарына ДЭР күчтөрүнүн төрт аскеринен турган топ кошулду. Мүмкүн ал аскерлердин тобу учурда сөөктөрүн издеп жаткан адамдарга каршы согуштарга өзүлөрү да катышышкандыр.

Бул сүрөттө «Элдик эстеликтин» ыктыярчылары (алардын бири Батыш Украинадан) ДЭРдин согушкерлери менен биргеликте танктан украин аскеринин сөөгүн таап, чыгарып жаткандыктары көрүнүп турат:

black-tulip_1295

Снаряд бул танкка таамай тийген окшойт – мунарасы бир нече метр алыстыктагы талаага учуп кеткен:

black-tulip_1297

Украин танкистинин денеси өтө эле күйүп калгандыктан издөөчүлөргө күлгө айланган бөлүктөрүн гана алып чыгууга туура келүүдө.

black-tulip_1298

Эгер аскердин ким экендигин аныктоо мүмкүн болбосо ДНК анализ кылууга туура келет – Украинанын көзөмөлүндөгү аймакта, анткени Донецкте андай жабдуулар жок:

black-tulip_1299

Ал ортодо бир аз жакыныраак жерден экинчи жарылуунун добушу угулду. Издөө иштерине катышып жаткан ДЭРдин аскерлери анын эмне экендигин өзүлөрү да билишпейт – ал аткылоолор же миналарды зыянсыздоо иштери болушу мүмкүн:

black-tulip_1300

Украин кагылышуусу башталгандан бери эң көп мина коюлган аймак Дебальцевонун айланасында болсо керек. Ошондуктан мында өтө этияттык менен иштөөгө туура келет.

Бул аймакта сапёрлордун иштеп кеткендиктерине карабастан биз асфальттан жээкке чыкпоого аракет кылабыз.

Издөөчүлөргө кыйыныраак. Алар чогултуу керек болгон украин аскерлеринин сөөктөрү чачылган талааларды аралап жүрүүгө аргасыз:

black-tulip_1301

Бул джипте сөөктөр табылган жок:

black-tulip_1305

Ошондуктан издөөчүлөр өз жандарын тобокелге салып, талаага жөнөштү:

black-tulip_1303

black-tulip_1304

Украин аскерлеринин кээ бирөөлөрүнүн сөөктөрү согуштан соң дароо эле ДЭРдин согушкерлери тарабынан жерге берилген. Андай мүрзөлөрдүн бири унаа жолдон болгону 10 метр алыстыкта табылды:

black-tulip_1306

black-tulip_1307

Мында аскер көмүлгөн. Бирок анын аскердик формасында даражасынын белгилери тигилген эмес, а жеке маалыматтары көрсөтүлгөн мойнундагы чынжыр боо чечилген:

black-tulip_1309

black-tulip_1310

Курман болгон аскерлердин сөөктөрүн издөө бүгүн да уланууда. Ыктыярчыларга укмуштуудай оор режимде, дайыма сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өтө коопту жерлерге барып иштөөгө туура келүүдө.

blacktulip_1325

Сериянын уландысы бар...

Видео: Хлоя Гейне

Монтаж: Ибрагим Хасан-Ахунов жана Хлоя Гейне

Текст жана сүрөт: Бектур Искендер

Kloop.kgнин Украина тууралуу атайын репортаждары:

Март, 2015:

I бөлүк: Киев менен Донецк кантип «Шахтёр» клубуна жан тартышты?

II бөлүк: Константиновкадагы башаламандыктар

III бөлүк: Фронттук тилкедеги белгисиз шаарлар

Ноябрь, 2014-жыл:

I бөлүк: Азыркы Украинанын уламыштары менен мифтери

II бөлүк: Донецк элдик республикасынын лидерлеринин биринин кыргыз журналисттерине берген мега-интервьюсу

III бөлүк: Донецк элдик республикасынын имаратындагы гомофобдук жазуунун тарыхы

Май 2014-жыл:

I бөлүк: Киев

II бөлүк: Донецк

III бөлүк: Днепропетровск

IV бөлүк: Одесса

V бөлүк: Одессадагы шайлоолордон кийинки митингдер

VI бөлүк: Львов

Февраль 2014-жыл:

I бөлүк

II бөлүк

III бөлүк

Бонустук бөлүк