Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Нью-Йорктун Манхэттениндеги өрттөн жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жоктугун аныктоо үчүн маалымат сурады. Жалпысынан өрттөн кеминде 19 киши жаракат алган.

Манхэттендеги ири өрт 27-март күнү Бишкек убактысы боюнча түнкү саат бирде башталган — анын жыйынтыгында эки имарат кулап түшүп, кеминде 19 киши жаракат алышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков Kloop.kgге берген маегинде учурда дипломаттар жаракат алгандар тууралуу маалымат алуунун үстүндө иштеп жаткандыктарын айтты.

«Биз Нью-Йорк шаарында жайгашкан БУУнун алдындагы өкүлчүлүгүбүз аркылуу тактап жатабыз. Ушул убакка карата азырынча маалымат келе элек, бирок биз сурам жөнөттүк. Биздин дипломаттар мунун үстүнөн иштеп жатышат», — деди Сыдыков.

Ал Кыргызстандын өкүлчүлүгү маалыматка ээ болору менен дароо жарыялай тургандыктарын айтып убада берди.

Өрт Манхэттендин Ист Виллэдж районундагы төрт үйдү өз кучагына алган. Акыркы маалыматтар боюнча, жабыркаган 19 кишинин төртөөсүнүн абалы өтө оор.

Каза болгондор жок.

Өрттүн жыйынтыгында беш кабаттуу үй кулап, коңшу имараттын жарымы урап, ага уланып курулган үч имарат күйүп кеткен.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрттүн келип чыгышына оңдоо иштери жүрүп жаткан үйдөгү жаратылыш газынын жарылуусу себеп болгон.