1980-жылдары «Нарын» рестораны Бишкектеги эң көп киши кирген жайлардын бири болчу. Ал шаардын борборунда, Жеңиш аянтынын маңдайында жайгашкан. Акыркы 10 жылдан бери имарат кароосуз, ээн калган.

IMG_1581_1

Ресторандын ыңгайлуу жайгашкан орду, мыкты ашканасы, ылайыктуу баалары, көркөмдүгү жана шаңдуулугу шаар тургундары менен конокторун өзүнө тартып турган. Анда туулган күндөрдү белгилеп, үйлөнүү той жана башка иш-чаралар өтүп турган.

IMG_187_2

Бирок бул алыскы 80-жылдары болгон.

IMG_1921_1

2005-жылдагы бийлик алмашуудан кийин имарат бир колдон экинчи колго өтүп, ээлери тез-тез алмашып баштаган. Сыртындагы жазуулардан анын казино жана түнкү клуб катары пайдалангандыгы көрүнүп турат.

IMG_1854_11

Учурда «Нарын» рестораны адам ыйларлык абалда. Мурунку көркөмдүгүнөн болгону бош дубалдары, төшөлмөлөрү жана таштандылар гана калган.

IMG_1888_1

IMG_1885_2

Имараттан каңырсыган жыт уруп турат.

IMG_178_1

IMG_6755

IMG_1954_1

Ресторан үй-жайсыз адамдардын баш калка жайы болуп калган, алар имаратка жакын келгендерди кубалашат.

 

IMG_6740

IMG_6735

Алыстан түрдүү сөлөкөттөрдүн формасында талкаланган терезе айнектери көрүнүп турат.

IMG_1584_1

IMG_188_1

Дубалдары ар түрдүү жазуулар менен «кооздолгон», арасында адепсиз сөздөр дагы бар.

IMG_1900_1

Азыр имраттын кимге таандык экендиги жана аны алдыда эмнелер күтүп тургандыгы так белгисиз.

IMG_1615_1

Сүрөт: Роза Ланахунова, Элдор Далиев жана Бану Багери