Донецк — украин кагылышуусунун согуштук аракеттери жүрүп жаткан аймактагы шаарлардын эң ириси. Өтө оор кырдаалга карабастан шаардын жашоочулары дээрлик бир жылдан бери анда тынчтык жашоонун элементтерин карманууга аракет кылып келишет.

Баяндоо Бектур Искендердин атынан жүрөт

Бул менин Украин кагылышуулары башталгандан берки Донецкке болгон үчүнчү сапарым. Бул жолкусу мурдагылардан узагыраак болду — жалпысынан шаарда дээрлик он күн болдум.

Мен үчүн Донецкте баарынан да таң калычтуусу — кагылышууларга байланышкан көптөгөн нюанстары менен болсо да шаардын өз жашоосу менен жашап, эбин таба алгандыгы болду.

Кагылышуулардын эң күчөп турган күндөрүндө Донецк катуу аткылоолорго дуушар болгон, бирок анда шаардын бардык райондору зыянга учураган эмес. Мүмкүн ошондуктан шаар эч нерсеге карабастан өз жүзүн сактап кала алгандыр.

Албетте, эми жергиликтүү тургундар өз шаарынын географиясын таптакыр башкача кабыл алып калышты. Кайсыл бир райондору кооптуураак болуп эсептелет, бирок бүгүн башкы критерий — көчө кылмыштуулугунун деңгээли эмес, а активдүү согуштук аракеттер башталса жаңы аткылоолордун башталуу тобокелдиги.

Кагылышуулар башталгандан бери шаардын борборуна снаряддар анча көп түшкөн эмес (башка райондорго салыштырмалуу), ошондуктан бүгүн, өзгөчө салыштырмалуу тынчтык орногондо, Донецк таптакыр бир укмуштуудай тартип боюнча жашап жатат.

Бир четинен шаардын инфраструктурасы иштөөсүн токтотпой эле. Мисалы, Донецкти аралап ашталган сонун троллейбустар жүрүшөт — алар шаар футбол боюнча Европа чемпионатына даярданып жаткан мезгилден калган мурастар:

donetsk_1379

Экинчи жагынан инфраструктура объектилеринин кай бирлери начар абалда. Алсак, жөө адамдарга арналган жер астынан өтүүчү жолдордогу соода мурункудай эмес, ошондуктан алар бош жана кыйла эле караңгы болушу мүмкүн:

donetsk_1378

donetsk_1377

Трамвайлар жүрүп жатат:

donetsk_1391

ДЭРчилер жаңы трамвай билеттерин басып чыгарып башташкан:

donetsk_1389

Шаардык кызматтар жарылган түтүктү оңдоп жатышат:

donetsk_1376

Бирок, мисалы, борбордук базардагы күркөлөрдүн көбү жабык. Көбүнчө жүк ташуу унааларынын үстүндө эле соодалашууга барышат:

donetsk_1393

Азык-түлүк жеткирилип турат, бирок жүк ташуу унааларынын ээлерине блок-посттордо бир топ акча калтырууга туура келет (эгер Украинанын көзөмөлүндөгү аймак аркылуу өтсө), ошондуктан товарлар Донецкке келгенде кыйла кымбат болуп калат.

Кайсыл бир дүкөндөр жарым-жартылай рубль менен эсептешүүгө өткөнгө даярданып жатышат:

donetsk_1395

«Макдональдстар» иштебей калган:

donetsk_1370

Бирок дүкөндөрдө угуп-көрбөгөн көптөгөн азем белектер сатылууда:

donetsk_1394

Орусиядан гуманитардык жардам келип жатат:

donetsk_1356

Ал жардам тууралуу ар түрдүү пикирлер бар — кимдир бирөө алар элге жетип жатат деп ишендирсе, башкалары аны таптакыр көрбөгөндүктөрүн айтып келишет:

donetsk_1358

donetsk_1359

Бул ак түстөгү орусиялык жүк унааларына көптөгөн кишилердин көңүлү бурулду. Аларда гумжардам менен бирге курал-жарак да ташылып жаткан болушу мүмкүн деген кооптонуулар болгон. Чынында куралдарды ушундай унааларда жеткиргендиктерин элестетүү кыйын — мунун бардыгы көптөгөн кишилердин жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болууда:

donetsk_1361

donetsk_1360

Орусия ДЭРге курал-жарак жеткирип жатса дагы, аны ӨКМ деген чоң жазуулары бар, таанымал ак түстөгү жүк унаалары менен ишке ашырбайт:

donetsk_1357

Дагы олигарх Ринат Ахметовдон гуманитардык жардам бар (анын ишканалары ДЭРдин көзөмөлүндөгү аймактарда да ишин улантып жатышат). Бирок мен «ахметовдук» гумжардамды таратууга катыша алган жокмун.

Донецктеги жарнама жайгаштырчу жайлардын көбү бош. Алар саясий кайрылуулар үчүн пайдаланылууда:

donetsk_1380

donetsk_1381

Кайсыл бир жерде эски жарнама калып калган:

donetsk_1384

Кайсыл бир жерде «Донбасстын патриоттук күчтөрү» жарнамаланууда:

donetsk_1385

Шаардын борборунда кагылышуулар дээрлик көрүнбөй турган ракурстарды табууга болот:

donetsk_1386

Сыртынан караганда Ленин аянты мурункудай эле, болгону анда украин желегинин ордуна ДЭРдин желеги илинип турат (өткөн жылдын майында анда дароо эки тараптын тең желеги илинип турганына күбө болгом):

donetsk_1369

Кафелердин көбү иштеп жатышат:

donetsk_1383

Учурда Донецкте канча киши жашай тургандыгы так белгисиз. Кагылышууларга чейин шаардын калкы бир миллиондон көбүрөөк кишини түзгөн. Эгер Донецкке катарлаш жайгашкан Макеевканы кошсо, анда жалпы калктын саны бир жарым миллионго жетчү.

Азыр шаарда жашоочулардын кыйла эле аз экендиги шексиз. Бирок шаардан чыгып кеткендердин бир аз болсо да так санын аныктоо кыйын. Себептердин бири — донецкттиктердин көбү шаардагы абалга жараша дайыма көчүп-конуп жүрүшөт.

Кагылышуулар күчөп турган мезгилдерде шаардын көчөлөрү ээн болгон учурлар болгон, бирок азыр, салыштырмалуу абал тынчыгында, шаар жашоочуларынын көбү кайтып келишкен:

donetsk_1372

Шаарда жаз:

donetsk_1382

donetsk_1373

Күндүз сейилдеп жүргөн адамдарды, алардын ичинде балдарын ээрчитип жүргөндөрүн да көп кездештирүүгө болот:

donetsk_1375

donetsk_1374

Өз алдынча сейилдеп жүргөн бир аз улуураактарын дагы:

donetsk_1387

Сейилдеп жүргөн балдардан алыс эмес жерде аскердик унаалар да жүрүшөт. Кээ бирде Донецкти аралап жүргөндө көчөлөрдүн кесилишинен БМПнын бурулуп жатканын көрүүгө болот:

donetsk_1362

Жүк унааларында бара жаткан куралдуу адамдарды дагы:

donetsk_1363

Танкалар менен БМПлар шаардын кээ бир проспектилериндеги асфальт төшөлмөлөрүн бузушкан. Эми, ал жолдор аркылуу өткөндө дөңгөлөктөр гусеницалардын изи калган жерлерге тийип, мүнөздүү зуулдаган үндөрдү чыгарат:

donetsk_1365

donetsk_1364

donetsk_1366

Өткөн жылдын жаз мезгилиндегиге же ноябрь айына караганда шаарда куралдуу же аскер формасын кийип жүргөн кишилер кыйла эле аз. Кээде жолуктурууга болот:

donetsk_1367

Бирок жалпысынан ДЭРдин түзүмүн калыптандыруу процесси жүрүүдө. Орусиянын үлгүсү боюнча, милициянын аталышы полиция деп өзгөртүлүп, ал үчүн жаңы форма тигилген:

donetsk_1388

Февралдан бери шаарда абал салыштырмалуу тынч. Бул согуштук аракеттер аба майданга жакын аймакта болбой эле дегенди билдирет. Бул трамвайдын терезесиндеги октун издери — эски:

donetsk_1392

Ноябрда мен Донецктин аткылоолордон көбүрөөк зыянга учураган Петровский районунда болгом. Бул жолкусунда дагы бир катуу зыянга учураган Киев районуна бардым, ал аба майданына баарынан жакын жайгашкан:

donetsk_1398

Киев районунда — шаардын борборуна жакын жайгашканына карабастан — иштеп жаткан дүкөндөр, дарыканалар жана ресторандар аз. Сыныктардын көбү чогултулуп, тазаланган, а жарылуулардын толкунун негизинен талкаланган айнектер гана эске салып турат:

donetsk_1399

Путиловский көпүрөсү аба майданга алып барчу. Качандыр бир кездерде бул укмуштуудай, жаңы көпүрө болгон:

donetsk_1397

Темир жол бекети өткөн жылдын жайында, көптөгөн аткылоолордон кийин иштебей калган. Бүгүнкү күнгө карата болгону бир гана темир жол каттамы, Донецктен Луганскка барчу каттам калыбына келтирилген. Ошондуктан бекет көпчүлүк учурда ээн:

donetsk_1401

Анткен менен бул жакка коомдук транспорт жүрөт:

donetsk_1400

Донецктин башка объектилери сыяктуу эле темир жол бекети дагы футбол боюнча Европанын чемпионатына карата жаңыланган. Бүгүнкү күндө чемпионатты фан-зоналардын эски чатырлары гана эске салып турат, алардын фонунда аткылоолордон зыянга учураган имараттар көрүнүп турат:

donetsk_1403

Kloop.kgнин Украина тууралуу атайын репортаждары:

Март 2015:

I бөлүк: Киев менен Донецк кантип «Шахтёр» клубуна жан тартышты?

II: Константиновкадагы башаламандыктар

III: Фронттук тилкедеги белгисиз шаарлар

IV бөлүк: Украин аскерлеринин сөөктөрүн издөө

Ноябрь 2014:

I бөлүк: Азыркы Украинанын уламыштары менен мифтери

II бөлүк: ДЭРдин лидерлеринин биринин мега-интервьюсу

III бөлүк: ДЭРдин имаратындагы гомофобдук жазуунун тарыхы

Май 2014:

I бөлүк: Киев

II бөлүк: Донецк

III бөлүк: Днепропетровск

IV бөлүк: Одесса

V бөлүк: Одессадагы шайлоолордон кийинки митингдер

VI бөлүк: Львов

Февраль 2014:

I бөлүк

II бөлүк

III бөлүк

Бонустук бөлүк