Кыргызстандын башкы коргоо мекемеси 2014-жылы кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иштеринин саны боюнча биринчи орунга жайгаштырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышынын абалы боюнча жыл сайын жарыяланчу баяндамасында жазылган.

16-апрелде башкы прокурор Индира Жолдубаева парламент алдында Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун сакталышынын абалы боюнча баяндама жасайт. Анын отчетунун тексти парламенттин сайтына жарыяланды.

Баяндамага ылайык, Коргоо министрлиги Кыргызстандагы өкмөттүк мекемелердин эң коррупциялашканы бойдон калган — өткөн жыл ичинде министрликтин кызматкерлерине карата 51 кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш иштеринин саны боюнча Ички иштер министрлиги экинчи сапка жазылган.

Бирок отчётто кандай кылмыш иштери козголгондугу тууралуу кеңири маалымат жок.

Аны менен катар коргоо мекемеси коррупциянын төмөндөшү боюнча эң мыкты көрсөткүчтөрдүн бирине ээ болгон — 2013-жылга салыштырмалуу коргоо министрлигинде паракорчулукка байланышкан кылмыштар 35 пайызга азайган.

Прокуратура органдары 2014-жылы мамлекетке 880 млн. сомдон ашык зыян келтирген коррупциялык кылмыштар боюнча жалпысынан 1250 кылмыш ишин козгогон. Кылмыш кодексинин коррупция беренесинин өзү боюнча өткөн жылы болгону 12 гана кылмыш иши козголгон.

Kloop.kgге Коргоо министрлигинин өзүнөн Башкы прокуратуранын отчетундагы маалыматтарга бир аздан кийин жооп даярдап бере тургандыктарын убадалашты.

Коррупция менен күрөшүү — 2014-жылдын апрелинин башында жаңы өкмөттүн курамы бекитилип жаткандагы башкы багыттардын бири болгон.

Коррупциялык кылмыштар менен күрөшүүгө президент Алмазбек Атамбаев дагы — кеминде билдирүүлөрү менен — өзгөчө көңүл бурууда. Ал бул тууралуу бир нече жолу билдирип, «мамлекеттик кызматта миллионер болууга болбойт» деп айткан.

Учурдагы бийлик маалында эң чуулгандуу коррупциялык айыптоолор Бишкектин эки мурунку мэрине — Нариман Түлеев менен Иса Өмүркуловго — жана кезинде салык кызматы менен социалдык фонддун башчысы болгон оппозициялык депутат Акматбек Келдибековго каршы козголгон кылмыш иштери болуп калды.