Кыргызстандын ири коммерциялык банктары доллардын курсун 59-60 сомго чейин төмөндөтүштү. Бишкектин борборундагы акча алмаштыруу жайларында да ушундай эле көрүнүш.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, бир АКШ долларынын курсу 63,5 сомду түзөт.

Коммерциялык банктар менен акча алмаштыруу жайлары доллардын баасын кескин төмөндөтүшүп, америкалык валютаны расмий курсунан үч-төрт сомго арзан сатып алып жатышат.

Алсак, «РСК» жана «Бакай» банктарынын веб-сайттарында акча алмаштыруу кассалары бир доллар үчүн 59 сом берип жаткандыктары көрсөтүлгөн.

«Демир» банкы долларды 59,7 сомдон сатып алууда. «Акчабар» каржы порталынын маалыматы боюнча, Бишкектин Моссоветиндеги акча алмаштыруу жайлары да долларды ошондой эле баада сатып алып жатышат, а кээ бир акча алмаштыруу жайларында америкалык валюта 58 сомго чейин (сатып алуу) төмөндөгөн.

«Бай-Түшүм», «Кыргыз инвестициялык коммерциялык банкы», «Кыргызстан» жана «Оптима» банктары бир АКШ доллары үчүн 60 сом берип жатышат.

Улуттук банктын басма сөз кызматы азырынча коммерциялык банктар менен акча алмаштыруу жайларында доллардын курсунун кескин төмөндөп кетиши боюнча түшүндүрмө бере элек.

Доллар курсунун марттагы көтөрүлүүсү

Доллардын баасы марттын аягында кескин жогорулап кеткен — анда америкалык валюта тарыхый максимумдан ашып, 63,6 сом (сатып алуу) жана 64,8 сомго (сатуу) чейин жеткен.

Анда Улуттук банктын башчысынын орун басары Нурбек Жеңиш доллардын кымбатташын жазгы талаа иштеринин башталганы менен түшүндүргөн.

«Биздин өлкө импортко көз каранды, силер билгендей бүгүнкү күндө жазгы айдап-себүү иштери башталды, өз кезегинде ал күйүүчү май импортуна алып келет. Буга байланыштуу чет элдик валютага — АКШ долларына — суроо талаптын өсүүсү байкалып, ал аталган валютанын кымбатташына алып келди», — деп билдирген анда ал.

Аны менен катар Нурбек Жеңиш америкалык валютанын баасынын өсүүсүнө жеке акча алмаштыруу жайларынын чайкоочулук аракеттери таасир эткен болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.

2015-жылдын январында Улуттук банк жеке акча алмаштыруу жайларын жабуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.

Сүрөттүн автору: Алтынай Джалмамбетова.