Өлкө башчысынын басма сөз кызматы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмиянов отставкага кетип жатканын билдирди.

«Вечерний Бишкек» президенттин айланасындагы башка адамдар менен бирге аны дагы «рейдерлик басып алууга» айыптаган.

Билдирүү президенттин басма сөз кызматы тарабынан 23-апрель күнү кечинде таратылды — анда президенттин аппарат башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов отставкага кетүү тууралуу арыз жазгандыгы билдирилген.

«Мамлекеттик жогорку кызматта отуруп журналисттерди сотко бергим келген эмес, актанып, гезиттерде пиар жасаганды туура көргөн жокмун. Буга чейин жакшы эле чыдадым, бирок барган сайын жалган каралоого чыдаш улам кыйындап баратат, ошондуктан кызматтан бошотуу тууралуу арыз менен кайрылууга туура келип жатат», — деп жазылган билдирүүдө.

Илмиянов арызында бул анын отставкага кетүү боюнча президентке жолдогон алгачкы арызы эмес экенин жазган. Айтымында, ал кызматтан Башкы прокуратура тараптан «алдын-ала обьективдүү эмес текшерүүлөр болуп жатат деген имиштерге негиз бербеш максатында» кетип жатат.

Коомчулук чындыкты билүүгө тийиш. Сиздин жеке тапшырмаңыз менен  менин дарегиме айтылган айыптоолор Башкы прокуратура тарабынан тыкыр текшерилгенине мен кубанычтамын», — деген ал.

Илмиянов калк арасында «имиштерди таратып, ага таарынган адамдар» бар экенин билдирген.

«Ошол эле учурда коомчулук арасында мени бир кылка кабыл албастыгын билем. Мүнөзүмө байланыштуу мен чындыкты бетке айтам, ошондуктан мага таарынган адамдар көп. Дал ошол адамдар ар кандай имиштерди таратып, андан соң жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып, коомдо талкууга алынат», — деп жазган ал.

Азырынча президент Алмазбек Атамбаев тарабынан анын өтүнүчүнүн канааттандырылган-канааттандырылбагандыгы белгисиз.

Илмияновду «Вечерний Бишкек» басылмасы айыптап жаткан — медиа-холдинг ал башка чиновниктер менен бирге басылманы «рейдерлик жол менен басып алууга» аракет кылып жатат деп эсептөөдө.

«Вечерний Бишкек» өзүнүн акыркы кайрылуусунда кыргызстандыктарды Атамбаевдин айланасындагы кызмат адамдары — президенттин маалыматтык саясат боюнча кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмиянов жана өлкө башчысынын мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиевге каршы биригүүгө чакырган.

«Икрам Илмияновдун өз кызматынан кыйла көп нерсени көзөмөлдөп жатканына кандай далилдер керек? Эмне себептен болгону аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген адамдын иш бөлмөсүнүн алдында министрлер менен депуттардын үймөлөктөшүп жүргөндүктөрүн сурап көргүлөчү? Эмнеге президенттин аппаратынан кайрылгандан кийин судьялардын мыйзамсыз чечимдерди чыгарарын ишкерлерден сурап көргүлөчү?» — деп жазган «Вечерний Бишкек» кайрылуусунда.

Басылманын маалыматы боюнча, бул чиновниктер «Вечерний Бишкектин» мурунку ээси Александр Рябушкин аркылуу аны басып алууга аракет кылып жатышат. Рябушкиндин өзү «Вечерний Бишкек» бул боюнча соттун чечимине таасир этүү үчүн атайылап президентти аралаштырып жаткандыгын билдирүүдө.