Кыргызстандын бийлиги өлкө санариптик берүүгө өткөндөн кийин аналогдук берүүнүн качан өчүрүлө тургандыгын так билбейт. Планга ылайык, 2015-жылдын сентябрынын аягына чейин Кыргызстандын 80 пайызы санариптик берүү менен камсыз болушу керек.

Кыргызстанда аналогдук берүүнүн доору 2015-жылдын июнунун ортосунда аякташы керек. «Женева-2006» эл аралык макулдашуусуна ылайык , Борбордук Азия өлкөлөрүнө санариптик берүүгө көрсөтүлгөн датага чейин өтүү зарыл.

Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Эрнис Мамырканов аналогдук берүүдөн санариптик берүүгө өтүү акырындык менен ишке аша тургандыгын билдирди. Анын айтымында, санариптик берүүгө өтүү менен азырынча аналогдук берүү өчүрүлбөйт.

«Аналогдук берүүнү өчүрүүнүн белгиленген же божомолдонгон, ал эмес сунушталган дагы датасы жок», — деди Мамырканов 27-апрелде Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин башчысы Чынгыз Бекташев кыргызстандыктардын санарипке өтүүсүн «болушунча узак» кылууну убадалады.

«Биздин башкы максатыбыз — Кыргыз Республикасынын калкы телеберүүсүз калбашы керек. Бүгүн аналогду өчүрүп салып, анан санариптик берүүнүн доору башталгандай болбошу үчүн бул процесс этап-этап менен жүргүзүлөт», — деп ишендирди Бекташев.

Кыргызстандыктарга дециметрлик антенна жана телевизору санариптик сигналды кабыл алышы үчүн тиркегич түрүндөгү кабылдагыч сатып алуу керек болот. Эгер телевизордо DVB-T2 мүнөздөмөсү бар болсо, анда эч нерсе сатып алуунун кажети жок.

Сигналды кабыл алуу үчүн керектүү жабдуунун баасы бир жарым миң сомдон беш миң сомго чейин болот.
Санариптик сигналды кабыл алуу үчүн эмне кылуу керек:

Бекташев кабылдагычтарды электроника саткан каалаган түйүндөн сатып алса болорун билдирди, бирок ал кыргызстандыктарга андай жайлардан тиешелүү тастыктама талап кылуу кеңешин берди. Анын айтымында, сапатсыз ресиверлер ден соолукка зыян алып келип, сапатсыз сүрөттөлүштү бериши мүмкүн.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанга болгону 605 тастыкталган ресивер алынып келинген, ошондуктан контрафакттык товар сатып алуу ыктымалдыгы өтө жогору», — деди ал. Азырынча продукциянын сапатын көзөмөлдөөнүн тастыктама бергенден башка жолу жок.

Санариптик берүү — бул телевизиондук сүрөттөлүш менен үндү санариптик коддоо жана санариптик каналдардын жардамы менен берүү.

Санариптик берүүнүн аналогдук берүүдөн башкы артыкчылыгы санариптик коддоо кыйла сапаттуу сүрөттөлүш менен үндү берет.

Учурда санариптик берүүнүн бир нече стандарты бар — европалык, америкалык, жапондук жана кытайлык. Кыргызстан булардын европалык стандартын пайдаланат. Өлкө санариптик берүүгө 2017-жылга карата толук өтөт.

Автор: Малика Баяз.