Кеминде үч телеканал — КТРК, «Бешинчи канал» жана  «Пирамида» — «Вечерний Бишкектин» айланасындагы талаш-тартыш жөнүндөгү бир эле репортажды кайталап көрсөтүштү. Ал репортажда медиа-холдингди өлкөдөн качкан президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланыштырышкан.

«Бизнес на лжи» деп аталган репортаж кыргыз телеканалдарында 6чы жана 7-май күндөрү кечинде көрсөтүлдү. Анда материалдын автору «Вечерний Бишкек» гезитинин өлкөдөн куулган президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен болгон болжолдуу байланыштарына басым жасаган.

Репортажда 2005-жылдын күзүндө — экс-президент Аскар Акаев бийликтен кеткенден жарым жыл өткөндөн кийин — басылманын башкы директору Александр Ким Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн «колдоосуна ээ болгондугу» айтылган. Анда ал соттун чечими менен «Вечерний Бишкектин» 100 пайызы таандык болгон «Рубикон» компаниясынын акцияларынын 100 пайызына ээ болуп калган.

«Максимдин [Бакиев] кыраакы көзөмөлү алдында «Вечёрканын» бийликтегилерге лоялдуулугу чексиз болгон», — деп уланткан материалдагы кадрдан сырткаркы үн.

Сюжеттин авторлору далил катары «Рубиконго» таандык «МСН» гезити менен  «Вечерний Бишкекке» чыккан «мактоо» макалаларын келтиришкен.

Репортажда «Вечёрканын» редакциясын 2010-жылдын апрелинде кулаган Бакиевдин режимин «актоо»  жана «журналисттер менен башкача ой жүгүрткөн саясатчыларды өлтүргөн» убакты «кайра алып келүү» аракетине айыпташкан.

«Албетте, [Александр] Ким менен Максим Бакиевдин биргелешкен бизнесинин колдоо борбору өлкөнүн сыртында — Минскте жайгашкан. Өлкөдөгү абалды солгундатуу үчүн алардын башаламандыктарды өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланууга аракет кылары шексиз», — деп айткан диктор Улуттук оппозициялык кыймылдын митингинин кадрларынын фонунда.

«Маалыматтык кодулоо»

«Вечерний Бишкек» репортажга карата реакциясын vb.kg интернет-сайтынын башкы редактору Дина Маслованын макаласы аркылуу билдирди — ал макалада репортажды «маалыматтык кодулоо», «видеоабсурд» жана «оңбогон кылык» деп атаган».

«[…] Оорулуу кыялдар менен түзүлгөн бул сандырактыктын ар бир сүйлөмүн төгүндөп кереги жок. Видеоабсурдду даярдоого телеканалдардын кызматкерлеринин өзүлөрүнүн тиешелери жок, алар жөн гана макул болуу менен менчик ээсинин буйрутмасын эфирге чыгарып жатышат, тагыраагы, маалыматтык саясатка жооптуу адамдардын буйрутмаларын», — деп жазган Маслова.

Ал басылманын акцияларына Бакиевдер ээ болушу мүмкүн деген маалыматты «жиндинин жөөлүсү» деп атаган.

«[…] басма үй ЖАБЫК акционердик коом формасында түзүлгөн, анда акционерлер катары ошол кезде иштеген кызматкерлер чыгышкан, ал кезде Максим Бакиев эрезеге жете элек өспүрүм болгон. Акционерлердин курамы өзгөргөн эмес – каттоочудан текшергиле, Мамлекеттик каржы көзөмөлүнө сурам жөнөткүлө», — деп жазган vb.kg сайтынын башкы редактору.

Маслова репортажда айтылган алдамчылыктар боюнча айыптоолордун бардыгын четке каккан.

«Артыларында кимдердин турарын оңой эле билип коюуга мүмкүн болгон видеотасмалар менен макалаларда алдамчылыктар тууралуу ушунчалык туруктуулук менен айтылган, аларды окуп, көргөндөн кийин рейдерлердин уятсыздыгына абдан таң каласың. Же бул толугу менен жалган маалыматтар, же жүздөгөн текшерүүчү органдардын бардыгы тең беш жыл бою начар иштешкен», — деп жазган ал.

Анын пикиринде, репортажды даярдоонун артында президенттин маалыматтык саясат боюнча кеңешчиси Фарид Ниязов турат — басылма президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кызмат адамдары менен бирге аны дагы «рейдерлик басып алуу» аракетине айыптаган.

«[Ниязов] өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин беделине шек келтирүү менен креслого жармашууда. Аны менен катар көктүк менен калган бардык  мамлекеттик органдарга каршы чыгып жатат. Ал мындай жалган маалыматтардын санынын генератору болуп туруп жалпы мамлекеттик аппараттын беделин тепселеп жатат!» — деп жазган Маслова.

Бул «Рубикондун» түзүүчүлөрү Александр Рябушкин менен Александр Кимдин ортосундагы чарбалык талаш тууралуу алгачкы телевизиондук сюжет эмес — апрелдин ортосунда КТРКнын «Ала-Тоо» маалымат программасынан «Вечерний Бишкекти» АКШнын элчилиги жана оппозиция менен байланыштырган сюжет көрсөтүлгөн.

Анда медиа-холдингдин өкүлдөрү реакциясын дээрлик ушундай эле жол менен билдиришкен — сюжетти «күтүүсүз» деп атап, аны даярдоого «Вечерний Бишкек» тарабынан басылманы «басып алуу» аракетине айыпталып жаткан президент Атамбаевдин айланасындагы кызмат адамдарын айыптаган.