«Медиа Полис Институту» уюму «Вечерний Бишкектин» айланасындагы талаш-тартыштар тууралуу даярдалган «Бизнес на лжи» деп аталган видеосюжетти сынга алды. Аталган сюжет өлкөнүн бир нече борбордук телеканалдарынын, анын ичинде КТРК менен «Бешинчи каналдын» эфиринде көрсөтүлгөн.

«Медиа Полис Институту» өз пресс-релизинде жазгандай, «Вечерний Бишкек» басылмасынын айланасындагы талаш-тартыш тууралуу КТРК, «Бешинчи канал жана «Пирамида» телеканалдарында көрсөтүлгөн видеосюжет «жалданмалуулуктун, калыстыктын жоктугунун жана бир жактуу багытталыштын» үлгүсү болуп эсептелет.

Сюжет аталган телеканалдардын эфиринен 6-7-май күндөрү кечинде көрсөтүлгөн. Анын авторлору «Вечерний Бишкектин» жетекчилигин 2010-жылы өлкөдөн качкан президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланыштырышкан.

«Сюжет тең салмакталган эмес, автордун комментарийлери фактылардан ажыратылган эмес, сөздөрдүн жыйындысы жана аудиториянын билдирүүлөрүнүн жардамы менен «Вечерний Бишкек» гезитинин айланасында болуп жаткан окуялар боюнча атайылап жасалган терс картина таңууланган», — деп жазган  «Медиа Полис Институту»

Сюжеттин авторунун ким экендиги көрсөтүлгөн эмес. «Медиа Полис Институтунун» юристтеринин пикиринде, авторунун көрсөтүлбөгөндүгү «ал материалдын булагы тууралуу белгилүү бир ойлорду жаратууда».

Юристтер мындай материалдар мамлекеттик телеканалдардын эфирине чыгарылбашы керек деп эсептешет.

Видеосюжет «Рубикон» компаниясынын түзүүчүлөрү эсептелген «Вечерний Бишкекке» 100 ээлик кылган Александр Ким менен Александр Рябушкиндин ортосундагы соттук териштирүүлөрдүн фонунда көрсөтүлгөн.

Сюжеттин авторлору «Вечерний Бишкектин» редакциясынын Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен, анын ичинде учурдагы кыргыз бийлиги тарабынан Кыргызстандын бюджетинен миллиондогон АКШ долларларын уурдаган деп айыпталып жаткан уулу Максим менен болжолдуу байланыштарынын бар болгондугун далилдөөгө аракет кылышкан.

Ошондой эле видеосюжетте гезиттин редакциясын 2010-жылдын апрелинде кулаган Бакиевдин режимин «актап», «ошол мезгилди кайра алып келүү» аракетине айыпташкан.

«Вечеркага» таандык vb.kg жаңылыктар сайтынын башкы редактору Дина Маслова материалды «маалыматтык кодулоо», «видеоабсурд» жана «оңбогон кылык» деп атаган.

«[…] Оорулуу кыялдар менен түзүлгөн бул сандырактыктын ар бир сүйлөмүн төгүндөп кереги жок. Видеоабсурдду даярдоого телеканалдардын кызматкерлеринин өзүлөрүнүн тиешелери жок, алар жөн гана макул болуу менен менчик ээсинин буйрутмасын эфирге чыгарып жатышат, тагыраагы, маалыматтык саясатка жооптуу адамдардын буйрутмаларын», — деп жазган Маслова vb.kg сайтындагы редакциялык колонкасына.

Ал басылманын акцияларына Бакиевдер ээ болушу мүмкүн деген маалыматты «жиндинин жөөлүсү» деп атаган.

Азырынча КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков эмнеге телеканалдын эфиринен ал сюжеттин көрсөтүлгөндүгү боюнча түшүндүрмө бере элек.